ДӨӨЛӨТКЕЛДИЕВА
ДӨӨЛӨТКЕЛДИЕВА Тинатин (22. 7. 1952-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Торкен айылы) – биология илимдеринин доктору (2000), профессор (2002). Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер пединститутун (1974), Кыргыз ССР ИАнын биолгия институтунун аспирантурасын (1980) бүтүргөн. Ошол эле институтта кичи, улук илимий кызматкер (1974–92), КАЧИде доцент, профессор, кафедра башчы болуп (1992–2002) иштеген. 2002-жылдан Кыргыз-түрк «Манас» унтинин профессору. КР УИАнын биология институтунда микроорганизмдердин экологиясы илим-изилдөө тобун жетектеген (2002–08). 2008-жылдан Кыргыз-түрк Манас университетинде өсүмдүк коргоо бөлүмүнүн башчысы. Микробиология ж-а биотехнология боюнча адис. 160тан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 4 монография, 1 окуу китеби, 7 ойлоп табуусу бар.
Эмг.: Энтомопратогендик бактериялар чакырган ооруларга карата кан соргуч эктопаразиттердин коргоо механизмдери. Б., 1997; Кристалл алып жүрүүчү энпомопатогендик бактериялар жана алардын мааниси. Б., 2001; Микробиология. Окуу китеби. Б. 2005; Топурак актиномициттери, алардын экологиясы жана биотехнологиялык касиеттери. Б., 2006; Топурактагы оор металлдар ж-а микроорганизмдердин реакциясы. Б., 2008.