ДӨӨТАЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:10, 18 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДӨӨТАЛЫ Касымбай уулу (1899, азыркы На­рын облусу, Нарын району, Эчки-Башы айылы – өлгөн жылы белгисиз) – манасчы. Тынымсейит уруусунан. Атасы Касымбай чоң манасчылардан болгон. Дөөталы атасынын «Манас», «Семетей» айткандарын көкүрөгүнө түйүп, жаттап алган. Эл алдына чы­гып атайы «Манас» айткан эмес. Андан эпос­тун «Манас» бөлүмүнөн Манастын бала чагы, Манастын Жолой менен Эсенканга каршы со­гуштары, Манастын өлүшү, Каныкейдин Букар­га качышы ж-а «Семетей» бөлүмүнөн Семетей­дин Букардан Таласка келиши, Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү (Чынкожо Толтой чатагы), Семетей баатырдын Манастын кунун куушу (Чалгын, Коңурбайдын Таласка кол салышы), Семетейдин кайып болушу, Канчоронун эпизод­дору жазылып алынган.