«ДЫЙКАНДАР АРМИЯСЫ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:30, 18 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ДЫЙКАНДАР АРМИЯСЫ» – 1918-жылы жайын­да Жалал-Абад аймагындагы Көгарт өрөөнүндө басмачылардан коргонуу максатында түзүлгөн атайы бирикме. Түркстан автономиялуу республикасынын чечими боюнча «Дыйкандар армиясы» Фергана облусунун штабына баш ийген. Бирок аскер комиссары Осиповдун көрсөтмөсү м-н «Дыйкандар армиясынын» катарына ак гвардия­чы офицерлер да кирип алып, Совет бийлигине каршы күрөш жүргүзө башташкан. 1919-жылы июл­да «Дыйкандар армиясынын» жетекчилери Монстров, штаб начальниги генерал Муханов, корбашы Мада­минбектер макулдашып, сентябрда Ош м-н Жалал-Абадда совет бийлигин кулатышып, Кыргызстандын түштүгүндөгү кээ бир аймактарды өз колуна алган. Анжыянды 5 миңден ашык ки­шиден турган отряд м-н курчап, бирок алалбай калган. 1919-жылы 22–24-сентябрда Кызыл Армия­нын бөлүктөрү козголоңчуларды талкалап, Кыргызстандын түштүгүндө Совет бийлиги калыбы­на келтирилген. 1919-жылы октябрь айында Алай­дын Эркеч-Там айылында корбашылардын ку­рултайы болуп, анда Фергана автономиясынын «Убактылуу өкмөтү» түзүлгөн. Мадаминбек ж-а Монстров отряддарынын калгандарын чогултуп, чет өлкөлүк чалгынчылардын жардамы м-н Фер­ганада «Убактылуу өкмөт» түзгөн. Анын кура­мына Мадаминбек (башчысы), Монстров (орун басары), Муханов (аскер министри) кирген. 1919-жылы 14-августта уюшулган Түркстан фрон­тунун бөлүктөрү аларга сокку уруп, Монстров 1920-жылдын январында колго түшүп, Мадаминбек өзү багынып берген. Ошентип, ак гвардиячы­лар ж-а басмачылар тарабына өткөн «Дыйкандар армиясы» тал­каланган.

Ад.: Кыргыз ССР тарыхы. 2-том. Ф., 1973.

Б. Сатаров.