ЕВРАЗИЯЧЫЛЫК
ЕВРАЗИЯЧЫЛЫК , Е в р а з и я ч ы л к ы йм ы л – 20-к-дын 20-жылдарында россиялык эмиграциянын чөйрөсүндө пайда болгон коомдук-саясий ж-а идеялык агым. Башкы идеологдору: Н. С. Трубецкой, П. Н. Савицкий, Г. В. Флоренский (кийин четтеп кеткен), Л. П. Карсавин, Г. В. Вернадский, Н. Н. Алексеев. Негизги максаты: Россия бир мезгилде империя ж-а улут катары өнүккөн улуу евразиялык держава. Демек, орус улуту – империялык улут. Россия – европ. цивилизациянын четжакасы эмес, чыгыш ж-а батыш мад-ттарынын жетишкендиктерин өзүнө камтыган, өз алдынча цивилизация. Алар өздөрү ж-дө «Чыгышты көздөй бет алып» деп аталган программалуу эмгек аркылуу (София, 1920) жарыялашып, кийинки жылдары бир нече көлөмдүү жыйнактарды, «Евразия» гезитин, «Версты» журналын жарыкка чыгарышкан. Бул кыймылдын борборлору Софияда, Прагада, Берлинде, Белградда, Брюсселде, Харбинде, Парижде болгон. Бул агымдын негиз салуучуларынын ою б-ча Евразия – бул өзгөчө «ортолуктагы материк» болуу м-н Хингандан Карпатка чейин созулат да, Батыш Европадан да, түш.-чыгышка чектеш өлкөлөрдөн да айырмаланат. Евразиячыл 12–133
болууга андагы элдердин геогр. жактан гана жакындыгы эмес, менталитеттеринин окшоштуктары да бириктирет. Евразиялык элдердин руханий жактан жакындыгы ж-а тарыхый тагдырларынын жалпылыгы алардын мад-тынын аралашмасын, азыркы тил м-н айтканда бирдиктүү рухий мейкиндикти түзмөк. Бул кыймылдын идеологдору ушундай болуу сөзсүз шарт деп эсептешкен. Улуттук принципке таянган мад-т гана «адам рухун жогорулатуучу дөөлөттөргө» өбөлгө болмок. Демек, алардын ою б-ча, ар кандай улуттук мад-т диний кыртыштан өнүп чыгат. Ушул мааниде алар Евразияда таралган православиеден, исламдан ж-а буддизмден бир катар, айрыкча, адеп-ахлактык, этикалык жалпылыктарды көрүшкөн.