ЕВРОДОЛЛАР
ЕВРОДО́ЛЛАР (англ. Eurodollars) – 1) евровалютанын бир түрү; 2) АКШнын чегинен тышкары чет өлкөлүк банктарда ж-а америка банктарынын филиалдарында ар түрдүү өлкөлөрдүн уюмдары ж-а жеке адамдар тарабынан депонирленген АКШ долларындагы убактылуу бош акча 12* каражаты; 3) Е. – бул жаӊы накта акча эмес‚ америка долларындагы банк эсептери; 4) Е. рыногу эл аралык валюта системасынын курамдык элементи. Е. рыногу 1950-жылдардын башында пайда болгон‚ азыркы учурда Европадан алыс тараган.