ЕВРОПАДАГЫ КООПСУЗДУК ЖАНА КЫЗМАТТАШТЫК БОЮНЧА УЮМ (ЕККУ)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:35, 19 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕВРОПАДАГЫ КООПСУЗДУК ЖАНА КЫЗ-МАТТАШТЫК БОЮНЧА УЮМ (ЕККУ), ОБСЕ – коопсуздук, экономика, илим, техно­логиялар ж-а адам укугу багытында кызматта­шуу үчүн түзүлгөн эл аралык форум. 1975-ж. Хельсинки конф-ясында Европадагы коопсуздук ж-а кызматташтык б-ча кеӊешме (ЕККК) ката­ры түзүлгөн (ЕКККны ЕККУ деп атоо тууралуу чечим 1994-ж. Будапешт жолугушуусунда ка­был алынган). Европанын, Азиянын ж-а Түн. Американын 55 өлкөсү кирет. Жумушчу орга­ны – мүчө өлкөлөрдүн туруктуу өкүлдөрүнөн турган Туруктуу кеӊеш, анын отурумдары жума сайын Вена ш-нда өткөрүлөт. ЕККУда төрага­лык кылуу (мүчө өлкөнүн тышкы иштер минис­три) кезек м-н жүргүзүлөт.