ЕГИПЕТ ЖАЗУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:44, 19 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕГИ́ПЕТ ЖАЗУУСУ – дүйнөдөгү эӊ байыркы жазуу системаларынын бири. Ал иероглиф, иератика ж-а демотика жазууларына бөлүнөт. Булардын негизгиси ж-а байыркысы – иерог­лиф. Адам, айбанат, өсүмдүк, имарат ж. б. сүрөт­төрүнүн негизинде түзүлгөн. Иероглифтер үнсүз тыбыштарды, о. эле 2–3 үнсүз тыбыштын айка­лышын билдирген (үндүүлөр белгиленген эмес) фонограммалардан ж-а өзүнчө сөз же түшүнүктү туюндурган идеограммалардан турат. Мындагы тексттердин байыркылары б. з. ч. 3–2-к-га, ки­йинкилери б. з. 3-к-на таандык. Иероглиф жазуу­сунан көп кылымдар бою папируска түрдүү маа­нидеги тексттерди жазууда колдонулган курсив жазуусу – иератика чыккан. Б. з. ч. 8–7-к-да жаӊы курсив – демотика пайда болгон. Демотика иера­тикадан курсивдүү келип, лигатурасынын (бир эле тамганын бир нече тыбышты туюнтушу) көп болгондугу м-н айырмаланган. Акыркы демо­тикалык тексттер б. з. 5-к-на таандык.

Ад.: Петровский Н. С. Звуковые знаки египетского письма как система. М., 1978.