ЕГИПЕТ ТИЛИ
ЕГИ́ПЕТ ТИЛИ – байыркы египеттиктердин тили. Б. з. 5-к-нан сүйлөнбөй калган (өлүү тил). Семит-хамит тил уясына кирет. Байыркы, орто, жаӊы ж-а кийинки Е. т. деп бөлүнөт. Байыркы Е. т. (б. з. ч. 3-миӊ жылдык) – архаикалык байыркы падышалык жазуу эстеликтеринин тили. Орто Е. т. (б. з. ч. 22–16-к.) адабий тилге калыптанып, көркөм чыгармалар жазылган; морфол., синтаксистик, орфогр. туруктуу формага ээ болгон. Б. з. ч. 16–8-к-ды камтыган жа- ӊы Е. т-нде иш кагаздары, расмий документтер, көркөм чыгармалар жазылып, классикалык тил деп аталган да, ошол кездеги өнүккөн тилге айланган: этиштин жакталышы жардамчы этиштер аркылуу берилип, артикль пайда болгон, сөз аягында тыбыштын түшүрүлүп айтылышы фонетикасын кыйла өзгөрткөн. Б. з. ч. 8 – б. з. 5-к-на кийинки Е. т. туура келет. Бул мезгилде тексттер элдик оозеки сөз (речь) аркылуу жазылган. Е. т-ндеги өнүгүүнүн акыркы баскычы – Египеттин христиандашкан эли сүйлөгөн – копт тили. Бул тил б. з. 3–4-к-да пайда болуп, 17-к-га чейин (араб тили сүрүп чыгарганга чейин) колдонулган. Е. т. толук изилдене элек. Анын фонетикасын изилдөө өтө татаал, анткени үндүү тыбыштар жазууда өзүнчө тамга м-н туюнтулбаган.
Ад.: Петровский Н. С. Египетский язык. Л., 1958; Коростовцев М. Египетский язык. М., 1961.