ЕРЕНАК БЕК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:35, 19 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕРЕНАК БЕК , Я р н а к, Я р а н а к, Е р е­н я к – Сибирь кыргыздарынын башчысы (1660– 87-ж.). Алтысар беги Ишей-Мергендин уулу, Номчи-бектин небереси. Улуу агасы Айкан Юрукту аманат туткун катары Москва ш-нан билим алып, Иван деген ат м-н чокундурулуп, кийин Красноярскиге келип, Е. б-ке каршы бир нече жолу аскердик жүрүш уюштурган. Е. б. бы­тыранды болгон кыргыз улустарын ж-а кыш­тым аймактарын «Кыргыз өлкөсү», «Кыргыз жери» этностук-саясий бирикмесине айланткан. 20 жылдан ашуун Красноярск, Кузнецк, Томск, Енисей ж. б. орус кыш-на коркунуч туудуруп турган. Анын бардык аракети Түш. Сибирдеги «Кыргыз өлкөсүн» сактап турууга жумшалып, тышкы саясатында Жуӊгарияга ыктап, Россия­га каршы болгон. Сеӊге-Тайша м-н Е. б-тин Красноярскиге жасаган чабуулу учурунда (1667) казак-орустардын 375 кишиден турган аскер бөлүгү оор жоготууга учураган Кыргыз жеринин ортосу болгон Абакан д. Енисейге куйган жер­деги Тагар а-ндагы красноярдык казак-орустар салышкан чыӊдоону 1675-ж. курчоого алып, өрттөп жиберет. 17-к-дын 2-жарымында Цин империясы моӊгол хандыктарын баш ийдирип, аларды жуӊгарларга (калмактарга) каршы ту­курганда, Галдан Бошокту-хан 1687-ж. Кыр­гыз өлкөсүнөн жардамга аскер чакырат. Жар­дамга келген Е. б. 600дөн ашуун адамы м-н Ал­тайдагы Чулушман д-нын жогорку агымына жакын моӊголдор койгон буктурмага туш кел­ген. Беттешүү учурунда Е. б. ж-а анын 300дөн ашуун жоокери м-н Алтыр улусунан 150 адам курман болот. 1688-ж. Алтай жүрүшүнө катыш­кан Кызылдын жасоолу Откул моӊголдор м-н беттешүүдөн кийин кыргыз жерине 30дай гана адам кайтып келгенин орус бийлигине бил­дирген.

Ад.: Жумагулов Ч. Эпиграфика Киргизии. Вып. 1. Ф. 1963; Бутанаев В. Я., Бутанаева И. И. Хакасский исторический фольклор. Абакан, 2001; Бутанаев В. Я., Худяков Ю. С. История енисейских кыргызов.


Абакан, 2000; Бутанаев В. Я. Этническая культура хакасов. Абакан, 1998. О. Каратаев.