ЕВРАЗИЯ
ЕВРА́ЗИЯ – Жер шарындагы эӊ чоӊ материк (континент). Түн. жарым шарда (айрым аралдары Түш. жарым шарда). Ал Европа ж-а Азия дүйнө бөлүгүнөн турат. Батыштан чыгышка 16 миӊ км, түндүктөн түштүккө 8 миӊ кмге созулат. Аянты аралдары м-н кошо 54,9 млн км2дей (кургактыктын 1/ инен көбүрөөгү), а. и. аралдарынын аянты 2,75 млн км2дей. Калкы 4,57 млрд (2000). Аймагынын деӊиз деӊг. орт. бийикт. 840 м; эӊ бийик жери – 8848 м, ал –Гималайдагы Жомолунгма чокусу. Материктин эӊ четки тумшуктары: түндүгү – Челюскин, түштүгү – Пиай, батышы – Рока, чыгышы – Дежнёв тумшуктары. Батышынан Атлантика, түндүгүнөн Түн. Муз, чыгышынан Тынч, түштүгүнөн Инди океандары ж-а алардын деӊиздери м-н чулганат. Түш.-чыгышында Австралия, Азиянын де- ӊиздери Е-ны Австралиядан, түн.-чыгышта Беринг кысыгы Түн. Америкадан, түш.-батышында Гибралтар кысыгы, Жер Ортолук деӊиз, Кызыл деӊиз Африкадан бөлүп турат. Суэц мойногу Е-ны Африка материги м-н туташтырат. Европанын жээктери Азияныкына караганда көбүрөөк тилмеленген. Кургактыктын тутумдаштыгы, материктин азыркы тектон. биримдиги, климаттык процесстердин негизинен окшоштугу, орг. дүйнөсүнүн өнүгүүсүнүн жалпылыгы ж. б. факторлор материкти «Е.» деп атоого негиз болгон.
Орографиясы, рельефи ж-а геол. өнүгүү тары-хы.
Е-нын аймагынын 2/ бөлүгүн тоолор м-н жанартоолордун таасири бар; аларга Исландия нынын бир бөлүгү түзөт. Е-нын азыркы рельефи неоген ж-а антропогенде ушул аймакты бүт камтыган ургаалдуу тектон. кыймылдан калыптанган. Альп-Гималай ж-а Чыгыш Азия геосинклиналдык кырчоолору активдүү тектон. кыймылда болгон. Ургаалдуу жаӊы тектон. кыймылдан Е-да тоолор үстөмдүк кылып (алардын орт. бийикт. 840 м), ири тоо тизмектери (Гималай, Каракорум, Гиндукуш, Теӊир-Тоо) пайда болгон; алардын бийикт. 7–8 миӊ мден ашкан. О. эле массивдүү Алдыӊкы Азия тайпак тоолору, Памир, Тибет да бийик көтөрүлгөн. Бул көтөрүлүүдө Ысар-Алайдан Чукоткага чейинки тоолуу кеӊири тилке, Куньлунь, Скандинавия ж. б. тоолор кайра жаралган. Жаӊылануу процессине орто бийиктиктеги Урал, Ортоӊку Европа тоолору, о. эле бир аз Орто Сибирь, Декан ж. б. бөксө тоолор да дуушарланган. Материктин чыгышында четки кырка тоолор (Коряк тайпак тоосу, Сихотэ-Алинь ж. б.) жайгашып, аларды тоо-аралдар доголору (Чыгыш Азия, Малайя ж. б.) улап кетет. Е-нын рельефинде о. эле рифт түзүлүшүнүн да мааниси зор; ага Рейн грабени, Байкал, Жансыз деӊиз ойдуӊдары ж. б. кирет. Жаш бүктөлүү алкактарына ж-а кайра жаралган тоолордун структураларына ургаалдуу жер титирөө мүнөздүү. Жер титирөөнүн ургаалдуулугу ж-а кыйраткычтыгы б-ча Е-га Түш. Америка гана теӊдеше алат. Жаш тоолордун рельефинин калыптануусуна
бөксө тоолор ээлейт. Негизги тоо системалары: Гималай, Альп, Кавказ, Карпат, Пиреней, Апеннин, Гиндукуш, Каракорум, Памир, Теӊир-Тоо, Куньлунь, Алтай, Саян, Түн.-Чыгыш Сибирь, Урал тоолору; тайпак тоолору – Алдыӊкы Азия, Тибет, Саян-Тува; бөксө тоолору – Декан, Орто Сибирь. Ири түздүктөрү м-н ойдуӊдары: Чыгыш Европа, Батыш Сибирь, Туран, Кашкар, Улуу Кытай, Инд-Ганг, Жунгар, Месопотамия ж. б. Е. өнүгүү мезгилдеринин кыйла татаалдыгы ж-а геол. түзүлүшүнүн өтө ар түрдүүлүгү м-н өзгөчөлөнөт. Континенттин негизи бир нече байыркы материктин ажырашынан же биригишинен калыптанган: түн.-батышта Лавренциянын чыгыш бөлүгү кайнозойдо төмөн чөгүп, Атлантика океаны аркылуу Түн. Америкадан бөлүнүп, Европа пайда болгон; түн.-чыгышта Ангарида палеозойдун аягында Урал бүктөлүшү аркылуу Лавренцияга туташып, натыйжада Лавразия пайда болгон; Лавразия мезозойдун ортосуна чейин сакталган; ал эми түштүктөгү байыркы Гондвана материги ажырап, анын түн.-чыгыш бөлүгү (Араб ж-а Инди платформалары) Е-га туташкан. Е-нын структурасынын негизги элементтерин байыркы структуралар – Чыгыш Европа (Балтика ж-а Украина калкандары), Сибирь (Алдан калканы), Кытай-Корей, Түш. Кытай, Инди платформалары ж-а Нубия-Араб калкам-н Армян тайпак тоосунун лава катмарлары ж-а жанартоо конустары, Италиядагы, Камчаткадагы, Чыгыш ж-а Түш.-Чыгыш Азиядагы аракеттеги жанартоолор, Кавказ, Карпат, Эльбурс ж. б. тоолордогу өчкөн жанартоолор кирет. Жер кыртышынын төмөн чөгүүсүнөн материктин чет-жакаларын суу каптап, Е-га жакын жайгашкан архипелагдар (Ы. Чыгыш, Британ а., Жер Ортолук деӊиз алабы ж. б.) обочолонгон. Мурда Е-нын ар кайсы жерин деӊиз бир нече жолу каптаган. Алардын чөкмө тектери деӊиз түздүктөрүн түзүп, кийин мөӊгү, агын суу ж-а көл суулары м-н тилмеленген. Е-нын эӊ ири түздүктөрүнө Чыгыш Европа (Орус), Ортоӊку Европа, Батыш Сибирь, Туран, Инд-Ганг кирет. Е-да жантайыӊкы ж-а цоколдук түздүктөр да кеӊири таралган. Е-нын түн. ж-а бир катар тоолуу аймактарынын рельефинин калыптанышына байыркы муз каптоонун таасири зор болгон. Е-да плейстоцендин муздуктары ж-а суу-муздуктары пайда кылган чөкмө тектер ээлеген жерлердин дүйнөдөгү эӊ ири аянттары бар. Азыркы мөӊгүлөрдүн жалпы аянты 230 миӊ км2дей; алардын көбү Арктиканын аралдарында, Исландияда ж-а Азиянын бийик тоолорунда (Гималай, Каракорум, Тибет, Куньлунь, Памир, Те- ӊир-Тоо ж. б.), о. эле Альп, Скандинавия тоолорунда жайгашкан. Көп жылдык тоӊ Е-нын

11 млн км2дей аянтын (негизинен Сибирди) ээлейт. Акиташ тегинен ж-а гипстен түзүлгөн аймактарда карст процесстери өөрчүгөн. Азиянын кургакчыл аймактарына рельефтин
чөлдүк формалары ж-а типтери мүнөздүү.Е-нын климатына жыл бою өкүм сүргөн Азор, Гавайи антициклондорунун, Исланд, Алеут депрессияларынын, о. эле сезондук Азия антициклонунун таасири зор. Азия антициклонунун борбору кышында Моӊголиянын, жайкы депрессиясы Түш. Азиянын үстүндө жайгашат. Е-нын аянтынын өтө зордугу ж-а рельефинин татаалдыгы анын климатынын өтө ар түрдүү болушуна шарт түзөт; башка материктерден континенттик типтеги климаттын кеӊири таралышы м-н өзгөчөлөнөт. Суук, мелүүн ж-а ысык климаттык алкактардын ортосундагы кеӊдик айырмачылык өтө зор. Арктикада ж-а субарктикада жыл бою – арктикалык, мелүүн кеӊдиктерде – уюлдук, салыштырмалуу төмөнкү кеӊ- диктерде – тропиктик фронттордун (тайфун) циклондору аракетте болот. Тропиктик тайфунтолкун м-н коштолгон өтө катуу шамалды пайда кылат. Атм. жалпы циркуляциянын мезгил б-ча өзгөрүүсү субтропиктик алкактын батыш секторунда жайы кургакчыл, кышы нымдуу – жер ортолук деӊиздик климатты пайда кылат. Мындагы кышкы жамгыр уюлдук фронттун циклондору м-н байланыштуу. Тропиктик алкак Европада жок, ал эми Азияда анын түш.- батыш бөлүгүн – Араб ж. а-н ж-а Тхар (Тар) чөлүн камтыйт. Анда тропиктик чөл климаты өкүм сүрүп, чыгышта субэкватордук климатка өтөт. Экватордук алкакта түндүктөн ж-а түштүктөн соккон аба массалары кошулуп (конвергенция процесси жүрүп), жыл бою жаан-чачынды арбын жаадырат. Климаттын сектордук айырмачылыгы да даана байкалат: материктин ички бөлүгүнө мүнөздүү континенттик ж-а өтмө климат чет-жакаларын карай океандык климатка өтөт. Океандын климатка тийгизген таасири айрыкча Батыш Европада даана байкалат; анда батыштан соккон аба массасына Азор антициклонунун чет-жакасынан келген аба ко-
шулат. Ушул эле багытта Исландия депрессиясынан пайда болуп, арктикалык ж-а уюлдук фронттор аркылуу соккон циклондор аракеттенет. Атлантика аба массасы чыгышты карай жылган сайын акырындап нымын жогото баштап, континенттик абага өтөт. Ал эми Тынч океан м-н Инди океанынан соккон аба массалары циклон ж-а муссон түрүндө кургактыктын ички бөлүктөрүнө айрым сезондордо гана кире алат. Түндүктөн соккон арктика абасы кургактыкка тоскоолсуз кирип, аны материктин ички бөлүгүндө кеӊдик багытта жайгашкан тоолор гана тосуп калат. Е-нын ички аймактарында кыш мезгилинде атм-нын жогорку басымы үстөмдүк кылып, абанын төмөн чөгүп токтоп калышына, жылуулуктун өтө нурлануусуна, жер бетине жакын төмөн болушуна шарт түзөт. Анда кышкы континенттик муссондор пайда болуп, чыгышты ж-а түштүктү карай согот. Абанын жайкы темп-расы, тескерисинче, ысык болот. Сектордук климаттык айырмачылыкты деӊиз агымдары ого бетер күчөтөт. Жылуу агымдар Европанын түн.-батыш ж-а Япон а-нын жээктеринде – кышкы ж-а жылдык оӊ темп-ралуу аномалияны, муздак агымдар Азиянын чыгыш жээктеринде – жайкы ж-а жылдык терс аномалияны пайда кылат. Тоолуу аймактарында климаттык бийиктик алкактуулугу ж-а анын тоо капталдарынын экспозициясына карата алмашуусу даана байкалат. Е-нын ички аймактарынын туюктугу м-н нымдуулуктун контрасттуулугу байланыштуу. Ири тайпак тоолордун үстүндө муздак аба туруп калат, атм-нын жерг. борборлору түзүлүп, өзгөчө бийик тоо климаты (мис., Памир ж-а Тибеттеги бийик тоо чөл климаты) пайда болот. Арктикалык климаттан экватордук климатка чейин өзгөрөт. Чет-жакаларында океандык климат (түш. ж-а чыгыш жактарына муссондук), ички аймактарына континенттик ж-а кескин континенттик климат мүнөздүү. Түн.-Чыгыш Сибирдеги Верхоянск м-н Оймякон – Түн. жарым шардын суук уюлу, анда –70°Сге чейин суук болот. Араб ж. а. – Жер шарындагы эӊ ысык ж-а кургакчыл жерлердин бири; анда жылына 44 мм гана жаанчачын жаайт; азиялык бөлүгүндө түш.-батыштан түн.-чыгышты карай чөл тилкеси созулуп жатат, мында жылдык жаан-чачындын өлчөмү 200 ммден ашпайт, ал эми Чыгыш Индия Жер шарындагы эӊ жаанчыл жер (Черапунжиде жылдык жаан-чачындын өлчөмү 12 000 ммге чейин). Е-нын дарыялары 4 океандын алабына кирет. Европанын эӊ ири дарыялары (Волга, Дунай ж. б.) Азиянын Лена, Енисей, Амур, Обь, Янцзы сыяктуу чоӊ дарыяларынан өлчөмү б-ча кыйла артта турат. Негизги дарыялары: Янцзы (Е-дагы дарыялардын эӊ чоӊу, уз. 5800 км, суусунун жылдык орт. чыгымы 34 миӊ м3/сек), Обь, Енисей, Лена, Амур, Хуанхэ, Меконг, Брахмапутра, Ганг, Инд, Тигр, Евфрат, Волга, Дунай. Булардын көбү маанилүү транспорт жолу, гидроэнергиянын ири булагы болуп, сугатка кеӊири пайдаланылат. Е-да дүйнөдөгү эӊ ири туюк облустар (Каспий м-н Арал деӊиздеринин, Балкаш ж-а Лобнор көлдөрүнүн алаптары) жайгашкан. Суу агып чыгуучу ири көлдөрү – Байкал (дүйнөдөгү эӊ тереӊ көл, анын тереӊдиги 1620 м), Ладога, Онега. Е-нын аянтынын жарымынан көбү флорасы ж-а фаунасы б-ча Голарктикага кирет; анын көп жерлеринде кийинки көтөрүлүүнүн, муз ж-а де- ӊиз каптоонун натыйжасында орг. дүйнөсү кыйла азайып кеткен. Е-нын түштүгүн Палеотропик облусунун флорасы, Инди-Малайя облусунун фаунасы ээлейт. Е. башка материктерден тайга-тоӊ, күл ж-а чөл-талаа тибиндеги топурак кыртыштын кеӊири таралышы, о. эле тоо топурактарынын түрлөрүнүн көптүгү м-н өзгөчөлөнөт. Топурак кыртышынын ж-а орг. дүйнөсүнүн түрлөрү негизинен кеӊдик зоналуулукка (тундрадан баштап, мелүүн алкактын токой зонасы, субтропиктик талаа, чөл зоналары, саванна, кургакчыл тропик аркылуу нымдуу дайыма жашыл экватордук токойго чейин), о. эле океан жээктеринен алыстаган сайын, тоолордо бийиктик алкактуулукка жараша өзгөрөт.
Табигый секторлору, алкактары ж-а зоналары.
Е-да табигый өзгөчөлүктөрү б-ча кыйла айырмаланган секторлордун бөлүнүүсү кургактыктын айрым бөлүктөрүнүн ным булагынан түрдүүчө алыстыкта жайгашуусуна ж-а ал аймактардын обочолонуу деӊгээлине байланыштуу. Е-нын аймагы 6 секторго бөлүнөт: 2 океандык – батыш ж-а чыгыш; 2 өтмө; континенттик ж-а кескин континенттик. Батыш океандык сектор Батыш Европаны бүт ж-а Батыш Азиянын басымдуу бөлүгүн камтыйт. Чыгыш океандык сектор Тынч океандын кууш жээк тилкесин гана камтып, табиятына түрдүүчө таасирин тийгизген муссондук климаты м-н өзгөчөлөнөт. Е-нын калган секторлору материктин ички бөлүгүн ээлейт; ал эми Е-га гана мүнөздүү кескин континенттик сектор континенттик сектордун чыгышында жайгашат; ал болсо батыштан соккон аба массасына ж-а нымды сырткы айдарым капталдары өзүнө кармап калган орогр. тоскоолдордун болушуна байланыштуу. Е-нын табияты кеӊ- дик б-ча өзгөрүп, ага төмөнкү г е о г р. а лк а к т а р мүнөздүү: арктика, субарктика, мелүүн, субтропик, тропик, субэкватор, экватор. Ар бир алкак өз ичинен зоналарга ж-а зоначаларга бөлүнөт. А р к т и к а а л к а г ы н ы н арктикалык чөл зонасы муздуу ж-а таштуу чөл, о. эле тоо ландшафтынын суук чөл тибиндеги зоначаларына, с у б а р к т и к а а л к а г ы т ундра ж-а т окойл уу ту ндра зоналарына бөлүнөт; тоолоруна тундра-суук чөл бийиктик алкактары мүнөздүү; чыгышында тундранын жапалак токойлору кеӊири таралган. М ел ү ү н а л к а к т а кеӊдик зоналуулук (токой зонасы тайга, аралаш, жазы жалбырактуу токой зоначалары м-н токойлуу талаа, талаа, жарым чөл, чөл) континенттик секторго мүнөздүү. Е-нын кескин континенттик секторунда тоолор кеӊири аянтты ээлегендиктен, кеӊдик зоналуулук көбүнчө бийиктик алкактуулуктун спектринде байкалат. Өтмө ж-а океандык секторлордо зоналардын чегинде океандардын таасиринен өзгөрүүлөр болот, мис., Чыгыш Европа (Орус) түздүгүндө зоналар түн.-батыштан түш.-чыгышты, мелүүн алкактын четки түштүгүндө батыштан чыгышты карай өзгөрөт: Франциянын токою, Карпат өндүрүнүн токойлуу талаасы, Украинанын түштүгүндөгү талаа, Казакстандын ж-а Борб. Азиянын чөлдөрү ж-а жарым чөлдөрү, Моӊголиянын ж-а Дунбэйдин талаалары ж-а токойлуу талаалары, Манжур-Корей тоолорунун ж-а Япониянын түн. аралдарынын токойлору. Тоолоруна бийиктик алкактуулуктун токойлуутундра, токой-жапалак токой, токойлуу шалбаа ж-а чөл-талаа спектрлери мүнөздүү. С у бт р о п и к а л к а г ы н ы н зоналары да батыштан чыгышты карай өзгөрөт: Жер ортолук деӊиз аймагынын катуу жалбырактуу токойлору ж-а бадалдары, Закавказье м-н Кичи Азиянын талаалары ж-а жарым чөлдөрү, Иран тайпак тоосунун, Түркмөнстан м-н Борб. Азиянын түш. бөлүктөрүнүн чөлдөрү. Субтропик алкагынын океандык секторундагы тоолорго көбүн токой түзгөн бийиктик алкактуулуктун батышына токой-шалбаалуу талаа, чыгышына токойлуу шалбаа зоналары мүнөздүү. Е-нын ички аймактарында чөл-талаа, Памир, Тибет тайпактоолорунда бий ик тоо чөл ландшафттары үстөмдүк кылат. Т р о п и к т и к а л к а г ы Араб ж. а-н ж-а Тар чөлүн камтып, аларга тропиктик жарым чөл ж-а чөл, тоолоруна бийиктик алкактуулуктун чөл-талаа ж-а чөл зоналары мүнөздүү. Чыгышыраакта, тропиктик кеӊ- диктерде түн. с у б э к в а т о р д у к а л к а к таралып, ал нымдуу субэкватор токою (негизинен тоолордун айдарым капталдарында) ж-а саванна (негизинен Индстан ж-а Индикытай ж. а-нын и чк и б өл үкт өрүндө) зоналарына бөлүнөт. Бул аймакта жайгашкан тоолорго бийиктик алкактуулуктун токойлуу шалбаа ж-а токойлуу талаа зоналары мүнөздүү. Э к в ат о р д у к а л к а к Шри-Ланканын түш.- батышын, Малакканын ж-а Филиппин а-нын түш. бөлүктөрүн, Чоӊ Зонд а-н камтып, ага нымдуу экватор токою – гилея, тоолоруна гилея м-н парамостун (тоо-экватордук өзгөчө ландшафт) айкалышы мүнөздүү. Кичи Зонд а-нда түш. экватор алкагынын токой ж-а саванна ландшафттары үстөмдүк кылат.
Табигый аймактары.
Табигый аймактарынын жалпы кабыл алынган бөлүнүшү жок, бул физ.- геогр. райондошторуудан башка да бир нече схема бар. Төмөндө келтирилген Е-нын физ.-геогр. райондоштуруусунун схемасы – табигый-ландшафттык өлкөлөрдүн ар бирине морфол.-тектон. биримдиги, жаӊы тектон. өнүгүүсүнүн, климатты пайда кылуучу циркуляциялык процесстердин жалпылыгы, табигый зоналардын мыйзам ченемдүү таралуусу мүнөздүү. Айрым өлкөлөрдүн ортосунда айырмачылыктар болсо дагы, аларды ири топторго бириктирүү үчүн мүмкүнчүлүк түзгөн окшоштук белгилери да болот. Е-нын аймагын төмөнкү физ.-геогр. өлкөлөрдүн топторуна бириктирүүгө болот: Атлантика бою өлкөлөрү; Түн. Евразия; тоо-аралдуу Арктика; Бийик Сибирь ж-а Моӊголия; Ички Евразия; Чыгыш Азия, Түш. Азия; Европалык Жер Ортолук деӊиз аймагы, Алдыӊкы Азия тайпак тоолору ж-а Кавказ; Түш.-Батыш Азия.
Атлантика бою өлкөлөр тобуна
неотектон. кыймылдар мүнөздүү. Табигый чөйрөнүн бардык компоненттерине кыйла таасирин тийгизген океандык климат үстөмдүк кылат. Орг. дүйнөсүнүн чектелүүсүнө байыркы муз каптоонун таасири зор. Бул топко Фенноскандия (Скандинавияны, Кола ж. а-н Карелияны, Финляндия аймагын камтыйт), Исландия, Британ аралдары, Ортоӊку Европа түздүгү, Альп Карпат тоолору ж-а алардын түш. этегиндеги түздүктөрү кирет. Түндүк ЕвразияныУрал м-н бөлүнгөн Чыгыш Европа түздүгү ж-а Батыш Сибирь түздүгү ээлейт. Салыштырмалуу туруктуу платформалык структура, мелүүн деӊиздик климаттан континенттикке өтмө ж-а континенттик типтеги климат ж-а ландшафттар мүнөздүү. Аймагы, айрыкча анын түн.-батышы байыркы муз каптоого дуушарланган. Мелүүн алкактын ландшафттык зоналарын бүт камтыйт. Тооаралдуу Арктиканын Е в р а з и я л ы к с е кт о р у тектон. жактан тилмеленген, көбүнчө жапыз ж-а орто бийик тоолуу архипелагдардан (Шпицберген, Франц-Иосиф жери, Жаӊы Жер, Түн. Жер) ж-а аралдардан турат. Аларда тоонун мөӊгүлүү ж-а таштуу арктикалык чөл ландшафты басымдуу; айрым жеринде тоо тундрасы да кездешет. Бийик Сибирь ж-а Моӊголия – платформалар ж-а неотектон. жактан өтө кыймылдуу байыркы бүктөлүү структуралары мүнөздүү ж-а орто бийик тоолор м-н бөксө тоолор үстөмдүк кылган аймак. Климаты континенттик ж-а кескин континенттик, кышында кар аз жаайт. Дүйнөдө жер астындагы муздар эӊ кеӊири таралган аймак. Айрым жерлеринде байыркы муз чордондору пайда болгон. Тоонун ачык ийне жалбырактуу тайгасы үстөмдүк кы-
лат. Азыркы катаал климаттык шарт ландшафттын өөрчүүсүнө кыйла чек коёт. Ал Орто Сибирь бөксө тоосун, Ички Якутияны (Борб. Якут түздүгү, Алдан бөксө тоосу), Түндүк-Чыгыш Сибирди [орто бийик ж-а жапыз тоолордон (Бырранга, Жогорку Яна, Черский, Коряк кырка тоолору) ж-а платолордон (Юкагир, Алазея ж. б.), бөксө тоолордон, аккумуляциялык, көбүнчө деӊиздик ири түздүктөрдөн (Түн. Сибирь, Яна-Индигирка, Колыма ж. б.) турат], Түштүк Сибирь тоолорун, Моӊголия тоолорун [бийик (Алтай, Саян, Кодар) ж-а орто бийик (Забайкалье, Хантай, Хэнтэй, Становой тайпак тоосу ж. б.) тоолорду] камтыйт. Ички Евразия – неотектон. кыймылда кескин көтөрүлгөн аймак; ага эӊ бийик тайпак ж-а бийик тоолор, континенттик ж-а кескин континенттик климат, суусу сыртка агып чыкпаган туюк облустар басымдуулук кылган ири ойдуӊдар мүнөздүү. Ири туюк көлдөрү бар. Аймакка мүнөздүү болгон тоонун ж-а түздүктүн чөл-талаалуу ландшафтынын флорасы ж-а фаунасы көп жерлеринде кийинки көтөрүлүүдөн (нымдуу аба массасынан тосулуп калгандыктан) ж-а байыркы муз каптоодон кыйла жабыркаган. Ага Ички Казакстандын, Каспий боюнун, Орто Азиянын ж-а Борбордук Азиянын түздүктөрү (Кара-Кум, Кызыл-Кум, Такла-Макан, Гоби ж. б.), о. эле айрым жерлеринде кездешкен жапыз тоолуу, дөбөдөӊсөөлүү супа сымал платолору, Орто ж-а Борб. Азиянын тоолору ж-а тайпак тоолору (Тибет, Памир, Чыгыш Гиндукуш, Каракорум, Куньлунь, Теӊир-Тоо ж. б.) кирет. Чыгыш Азия – Е-нын неотектон. жактан кыймылдуу чет-жакасы; жалпысынан мезозой ж-а альп бүктөлүштөрүнүн структураларынын, муссондук климаттын ж-а байыркы муз каптоого дуушарланбаган муссон тибиндеги ландшафттын үстөмдүк кылышы, тропиктик ураган (тайфун) мүнөздүү. Азиянын материктик чыгышы аккумуляциялык түздүктөрдү (Амур бою, Сунляо, Улуу Кытай), жапыз ж-а орто бийик тоолорду (Сихотэ-Алинь, Хинган-Бурея, Манжур-Корей тоолору, Наньлин), Камчатканы ж-а Чыгыш Азия аралдарын (Курил, Япон, Рюкю) камтыйт. Түштүк Азия тектон. структурасы ж-а неотектон. режими ар түрдүү болсо да, субэкватордук ж-а экватордук ландшафттардын басымдуулугуна ж-а жалпы муссондук климаттын үстөмдүк кылышына байланыштуу бириктирилген. Тропиктик циклон мүнөздүү. Орг. дүйнөсү байыркылыгы м-н өзгөчөлөнөт; палеотропиктик, көбүнчө малайя, батышына инди-африка флорасы, инди-малайя фаунасы мүнөздүү. Австралия-Азия архипелагдары (Малайя, Филиппин, Молукка), Тайвань аралы, Малакка ж. а-нын түштүгү, Индикытай, Индстан, Инд-Ганг түздүгү ж-а Шри-Ланка, Гималай тоолору кирет. Европалык Жер ортолук деӊиз аймагы, Алдыӊкы Азия тайпак тоолору ж-а Кавказ – жалпы кескин көтөрүлүүгө ж-а чөгүүгө дуушарланган, тоо рельефи басымдуулук кылган, альп-гималай бүктөлүш кырчоосуна кирген өтө кыймылдуу аймак. Байыркы муз каптоого анчалык дуушарланбаган субтропиктик ландшафт үстөмдүк кылат. Алдыӊкы Азия (Кичи Азия, Армян, Иран) тайпак тоолорун ж-а Чоӊ Кавказды, Европалык Жер Ортолук деӊиз аймагын камтыйт. Түштүк- Батыш Азия – цоколдук түздүктөр, чет-жакасындагы келки тоолор үстөмдүк кылган, лава катмары кеӊири таралган байыркы платформа. Климаттын ж-а ландшафттын чөлдүк типтери мүнөздүү. Рельефинин, климатынын ж-а ландшафтынын Африканын түндүгүнүн ж-а батышынын табиятына кыйла окшоштугу байкалат. Ага Сирия-Араб платосу ж-а Месопотамия, Араб ж. а-нын түш. чет-жакасындагы тоолор (Оман, Хадрамаут, Йемен, Хижаз тоолору) кирет. Е-дагы мамлекеттер ж-дөгү маалыматтар Европа ж-а Азия макалаларында берилген.
Ад.: Власова Т. В. Физическая география частей света. 2-е изд. М., 1966; Гвоздецкий Н. А., Михайлов Н. И. Физическая география СССР. Азиатская часть. М., 1970; Гуру П. Азия/Пер. с франц. М., 1956; Мильков Ф. Н., Гвоздецкий Н. А. Физическая география СССР. Общий обзор. Европ. часть СССР. Кавказ. М., 1969; Физико-географическое районирование СССР. М., 1968; Хрестоматия по географии материков и океанов. М., 1987; Физическая география материков и океанов / Под ред. А. М. Рябчикова. М., 1988; Притула Т. Ю., Ерёмина В. А., Спрялин А. Н. Физическая география материков и океанов. М., 2004. Ө. Бараталиев.