ЕВРЕЙ ЖАЗУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:54, 19 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕВРЕ́Й ЖАЗУУСУ – иврит, идиш, ладино ж. б. тилдерде сүйлөөчү байыркы ж-а азыркы еврей­лердин жазуусу. Эӊ байыркы Е. ж. (Гезер ка­лендары) б. з. ч. 10-к-да ханааней алфавитинде (финикий алфавитине жакын) түзүлгөн. Б. з. ч. 5-к-дын ортосунан баштап арамей алфавитине өтө баштаган. Бул алфавит бир аз өзгөрүүлөр м-н азыр да колдонулат. О. кылымда чарчы жазуусу пайда болгон. Аларда үнсүз тыбыштар­ды белгилеген 22 тамга бар. Үндүүлөр белгилен­ген эмес. Кийинчерээк үнсүз тамгалар – «h», «w», «i» кээ бир үндүүлөрдү туюнткан. Ал эми 7–8- к-да үндүүлөр үчүн атайын диакритика белгиле­ри киргизилип, алар Тооратта (Библияда), поэ­тикалык тексттерде, окуу китептеринде ж. б. кол­донулган. Жазуу оӊдон солго карай жазылат.

Ад.: Дирингер Д. Алфавит / Пер. с англ. М., 1963.