ЕВРОВАЛЮТА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:50, 19 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕВРОВАЛЮ́ТА (англ. еurocurrency) – европа өлкөлөрүнүн биринде жайгашкан‚ бирок ал өлкөнүн улуттук валютасы болуп эсептел­беген валюта. Мис.‚ Швейцария банкында депонирленген доллар евродоллар; Германияда депонирленген иен евроиен деп аталат ж. б. Е. кредиттерди ж-а карыздарды берүүдө пайда­ланылат; Е. рыногуна көбүнчө эл аралык соода­ны финансылоо ж-а чет өлкөлүк инвестиция­лар үчүн өтүмдүү каражаттардын арзан ж-а ыӊ- гайлуу түрүн алууга мүмкүнчүлүк берет. Негиз­ги карыздакорлор ж-а кредиторлор коммерция­лык банктар‚ ири компаниялар ж-а борбордук банктар болуп саналат. Депозиттер ж-а ссу­далар көбүнчө кыска мөөнөттүү болот.