ЕВРОПА (дүйнө бөлүгү)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:54, 19 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕВРО́ПА – дүйнө бөлүгү, Евразия материгинин батыш жагы. Азия м-н чек арасы Уралдын кыры же чыгыш этеги, Урал д-нын өрөөнү, Кас­пий деӊизи, Кума-Маныч ойдуӊу ж-а Керч кы­сыгы (кээде Чоӊ Кавказдын кыры м-н), Азов, Кара ж-а Мрамор деӊиздери, Босфор, Дарданелл кысыктары аркылуу өтөт. Аянты 10,2 млн км2 (аралдары м-н). Калкы 583,2 млн (2005, Россия­нын калкын кошпогондо). Е. түндүгүнөн ж-а түн.-батышынан Түн. Муз океан ж-а анын деӊиз­дери – Кара (Карск), Баренц, Ак, Норвег, баты­шынан ж-а түштүгүнөн – Атлантика океаны ж-а анын деӊиздери – Балтика, Түн., Жер Орто­лук, Мрамор, Кара, Азов деӊиздери, түш.-чыгы­шынан туюк – Каспий көл-деӊизи м-н чулга­нат. Түзөӊ аккумуляциялык ж-а абразиялык жээктер басымдуу; о. эле ватт (марш), тектон., фьорд, шхер, риас, дальмация тибиндеги жээк­тер да мүнөздүү. Е-нын эӊ четки учтары: түндү­гүндө – Нордкин, түштүгүндө – Марроки, ба­тышында – Рока тумшуктары, чыгышында – Уюлдук Уралдын Байдарата булуӊчасына жа­кын жайгашкан чыгыш этеги. Аралдарынын аянты 730 миӊ км2дей; эӊ чоӊдору – Жаӊы Жер, Франц-Иосиф жери (Рудольф а-ндагы Флигели тумшугу – Е-нын эӊ түн. чети болуп саналат), Шпицберген, Исландия, Британия, Ирландия,

Фенноскандия. Аланд аралдары.

Корсика, Сардиния, Сицилия, Крит. Жээктери булуӊ-буйткалуу. Е-нын аймагынын 1/ ин Скан­динавия, Пиреней, Апеннин, Балкан, Кола ж. б. жарым аралдар ээлейт. Океандан Чыгыш Е-нын эӊ алыс жери 1600 км, Батыш Е-ныкы – 600 кмдей. Айрым геогр. ж-а статистикалык-экон. эмгектерде Е-га Кавказды да (Закавказье, Кав­каз өндүрүн дагы) кошот. Адатта Е. эки бөлүк­кө – Чыгыш Е-га ж-а Батыш Е-га бөлүнөт. Е-нын деӊиз деӊг. орт. бийикт. 300 мдей. Эӊ бийик жери – Альп тоолорундагы Монблан чо­кусу, 4807 м; эгерде Азия м-н Европанын чек арасы Чоӊ Кавказдын Башкы же Суу Бөлгүч кырка тоосу аркылуу өтсө, анда эӊ бийик же­ри Эльбрус чокусу (5642 м) болмок. Эӊ жапыз жери Каспий бою ойдуӊу, ал деӊиз деӊг. 28 м төмөн жайгашкан. Рельефинде ойдуӊдуу түз­дүктөр ж-а дөӊсөөлөр басымдуу; аймагынын 17%ин тоолор ээлейт. Чыгыш Е-нын рельефи бир кылка, анда Чыгыш Европа түздүгү (Орус түздүгү) жайгашкан; түздүктүн түш.-чыгыш бөлүгү (Каспий бою ойдуӊу) деӊиз деӊг. төмөн жатат. Батыш Е-да түздүктөр м-н тоолор бол­жол м-н бирдей таралган. Негизги түздүктөрү – Ортоӊку Европа түздүгү, Төмөнкү Дунай түз­дүгү, Орто Дунай түздүгү, Париж бассейни, Па­дан түздүгү. Борб. Е-га, Түн. ж-а Түш. Е-нын ж. а-дарына жапыз ж-а орто бийик тоолор мү­нөздүү. Эӊ бийик тоолору: Альп, Карпат, Пире­ней, Скандинавия, Апеннин тоолору, Балкан ж. а-ндагы тоолор. Европанын чыгыш чегинде Урал тоолору жатат. Кээде Кавказ тоолорун да Е-га кошушат. Эӊ байыркы (кембрийге чейинки) тектон. структурасы – Чыгыш Европа платформасы (калкандары: Балтика, Украина), ал негизинен Чыгыш Европа (Орус) түздүгүн ээлейт. Протеро­зойдун аягы – кембрийде жүргөн Байкал бүктө­лүүсүнө Тимань токол тоосу, Печора ойдуӊу, Ко­ла ж. а-нын түн. чет-жакасы; кембрий, ордо­вик, силур мезгилдерин камтыган каледон бүк­төлүүсүнө Шпицберген а., Аюулуу а., Британ а-нын түн. ж-а батыш бөлүктөрү, Ирландия а.; девон, карбон ж-а пермде болгон герцин бүктө­лүүсүнө Пиреней ж. а-ндагы тоолор, Франция­нын Борб. ж-а Арморикан массивдери, Түш. Уэльс, Арденна, Вогез, Шварцвальд, Гарц, Кен­дүү тоолор, Богема массиви, Судет тоолору, Силе­зия, о. эле Урал тоолору, Жаӊы Жер а-нын тоо­лору; кайнозойдо болгон альп бүктөлүүсүнө – Андалус, Апеннин, Альп, Карпат тоолору, Бал­кан ж-а Крым ж. а-дарынын тоолору кирет. Ис­ландияда ж-а Жер Ортолук деӊиз аймагынын аралдарында аракеттеги жанартоолор бар. Е. нефть ж-а газ (Волга – Урал нефть-газдуу айма­гы, Кавказдын этектери, Түн. деӊиздин шельф­тери), көмүр (Донбасс, Печора, Москва, Жогор­ку Силезия, Рур бассейндери ж. б.), темир (Курск магнит аномалиясы, Украина, Урал, Кола ж. а., Лотарингия, Скандинавия ж. а-нын түн. аймак­тары), о. эле боксит, түстүү металл, таш ж-а калий туздары ж. б. кендерге бай. Е-нын геогр. абалы анда мелүүн климаттын өкүм сүрүшүнө, ал эми анын үстүндө Атлантика океанынан соккон батыш аба массасынын бо­лушу анда деӊиздик ж-а андан континенттик­ке өтмө климаттын басымдуу болушуна шарт түзөт. Радиациялык баланстын жылдык орт. өлчөмү бардык жеринде оӊ мааниде, ал түндүк­төн түштүктү карай көбөйөт: Арктика аралда­рында ал 10-, 50-параллелдерде 40ка жакын, Түш. Е-да 250–290 кж/см2ге (60–70 ккал/см2) чейин. Январда бүт Е-да (Жер Ортолук деӊиз ай­магынан ж-а Франциянын басымдуу бөлүгү­нөн сырткары) –17ден –4,2 кж/см2ге (–4төн

–1 ккал/см2) чейин; июлда түн. м-н түш. аймак­тардын айырмасы жоголот, анткени түндүктү карай жылган сайын күн узара баштайт; на­тыйжада радиациялык баланс Е-нын дээрлик бүт аймагында 34 кж/см2ди (8 ккал/см2ди) түзөт. Аба массасы атм-нын жалпы циркуляциясы­нын системасына кошулганда, айрыкча кышын­да жылуулуктун аймак б-ча кайрадан бөлүнү­шүнө алып келет. Батыштан соккон аба масса­сынын жылуулугу Түндүк Атлантика агымы­нын таасиринен ого бетер күчөйт. Натыйжада, кыш айларынын изотермасы кеӊдик багытты­кынан кыйла айырмаланып, Е-нын басымдуу бөлүгүндө (түш.-чыгышынан башкасы) кышкы айлардын орт. темп-расы кеӊдик б-ча орт. темп­радан кыйла көтөрүӊкү болот. Мис., январдагы жылуу темп-ралык аномалия Жаӊы Жерде, Кола ж. а-нда, Шпицбергенде, Британ а-нда 8°Сден 18°Сге, ал эми Скандинавиянын батышы м-нИсландияда18°Сден24°Сгечейинжетет.

Радиациялык ж-а циркуляциялык факторлор Е-нын климатында мезгилдүүлүктү даана бөлөт. Кыш мезгилинде атм-нын эӊ төмөнкү басымы Атлантиканын түндүгүндө түзүлүп, анда Ислан­дия депрессиясы жайгашат. Андан чыгышты ж-а түш.-чыгышты карай абанын басымы күчөп, Каспий бою ойдуӊуна ж-а Уралдын түштүгүнө чейин жетет. Ал жерлерге Азия антициклону­нун бир тармагы да кирет. Азор антициклону­нун таасири астында турган Жер Ортолук деӊиз аймагынын батыш бөлүгүнүн үстүндө батыштан соккон ургаалдуу аба массасы өкүм сүрөт. Анын курамындагы циклондор атм. фронттордо пайда болуп, батыштан чыгышка (жогорку кеӊдиктер­ди карай бир аз кыйшайып) багытталат. Е-нын басымдуу бөлүгүнүн үстүндө уюлдук аба массалары үстөмдүк кылат; түндүктөн Арктика аба массасы кирип, Альп тоолоруна, Балкан, Крым ж. а-на чейин жетиши мүмкүн. Жер Ор­толук деӊиз аймагында уюлдук аба мезгил-мез­гили м-н тропиктик аба м-н алмашып турат. Кышкы айлардын изотермасы жалпысынан түн.-батыштан түш.-чыгышты карай жылат. Жалпысынан Европанын басымдуу бөлүгүндө мелүүн климат өкүм сүрөт, анын батышына кы­шы жумшак, жайы салкын океандык климат, чыгышына карлуу суук континенттик климат мүнөздүү. Түн. аймактарынын ж-а Арктика аралдарынын климаты катаал, субарктикалык ж-а арктикалык. Түш. Европага кышы нымдуу, жумшак, жайы ысык, жер ортолук деӊиздик климат мүнөздүү. Январдын орт. темп-расы арк­тикалык аралдарда –24°Сден түштүгүндө 12°Сге чейин, июлдуку 3°Сден 29°Сге чейин. Европа­нын эӊ суук жерлери: Печора д-нын алабы (айлык орт. темп-расы –20°С) ж-а Франц-Иосиф жери (–24°С). Печора д-нын алабында Европа­дагы эӊ төмөнкү темп-ра (абс. минимум) –52°С катталган. Европанын эӊ ысык жерлери – Жер Ортолук деӊиз аймагы (мында июлдун орт. темп-расы 28–30°С) ж-а Каспий бою ойдуӊу (24–26°С). Абс. максимум темп-ра (48°С) Пиреней ж. а-нын түндүгүндө катталган. Жаан-чачындын жылдык өлчөмү жалпысы­нан батыштан чыгышты карай азаят: 1000–2000 ммден (батыштагы тоолордун айдарым каптал­дарында) 500–300 ммге чейин (Чыгыш Европа­да, айрыкча, анын түш.-чыгышында ж-а чыгы­шында). Эӊ жаанчыл жери – Динара тайпак­тоосунун батыш капталдарында, анда жаан-ча­чындын жылдык өлчөмү 4000 ммден ашык. Эӊ кургакчыл жери – Каспий бою ойдуӊу, анда 200 мм ж-а андан да аз жаайт. Арктика аралда­рында ж-а Баренц деӊизинин түш. жээгинде – 300–400 мм. Е-га кеӊдик б-ча арктикалык, суб­арктикалык, мелүүн, субтропиктик типтеги кли­мат алкактары мүнөздүү. Арктиканын европ. секторундагы аралдарды камтыган а р к т и­к а а л к а г ы н ы н климаты катаал, кышы чыкыроон суук, узакка созулат, көбүнчө катуу бороон болуп турат; жайы кыска, суук, июл­дун орт. темп-расы 5°Сден ашпайт; жаан-чачын көбүнчө кар түрүндө түшөт, буулануу төмөн. Исландиянын, Фенноскандиянын ж-а Чыгыш Европа түздүгүнүн түн. бөлүктөрүн камтыган с у б а р к т и к а а л к а г ы н ы н жайы Арктиканыкына салыштырмалуу узагыраак ж-а жылуураак (июлдун орт. темп-расы 10– 12°Сге чейин), кышы батыш аймактарында жум­шак, чыгышы суук; жылдык жаан-чачындын өлчөмү батышында 1000 ммдей, чыгышында 400 мм; жаан-чачынга караганда буулануунун өлчөмү төмөн. Е-нын Жер Ортолук деӊиз аймагынан ж-а Крымдын түш. жээгинен башка калган бүт ай­магын м е л ү ү н а л к а к ээлеп, анын түн. бөлүгүнө кыйла суук, бореалдык, түштүгүнө жылуураак суббореалдык климат мүнөздүү. Андан сырткары алкактын батыш бөлүгүнүн климаты деӊиздик, абанын темп-расынын жыл­дык амплитудасы төмөн, жайында түштүгүндө жылуу, түндүгүндө серүүн, кышы жумшак, түз­дүктөрүндө кар дайыма жатпайт, жаан-чачын бардык мезгилде, айрыкча кышында арбын жаайт; жетишерлик ж-а ашыкча нымдуу. Ал­кактын чыгышынын климаты мелүүн конти­ненттик, кышы чыкыроон, суук, кар арбын (түштүгүнөн башка) түшөт; жайы түндүгүндө

Жер Ортолук деӊиздин жээги. Гоцо аралы.

серүүн, борб. бөлүгүндө жылуу, түштүгүндө ысык, абанын темп-расынын жылдык амплитудасы жогору; жылдык жаан-чачындын өлчөмү түн­дүгүндө буулануунун өлчөмүнөн ашат, борб. бөлүгүндө алар теӊдешет, түштүгүндө жаан-ча­чын буулануудан аз. Жер Ортолук деӊиз аймагын ж-а Крымдын түш. жээгин камтыган с у б т р о п и к а л к а­г ы н а жер ортолук деӊиз тибиндеги климат мүнөздүү, кышы жумшак, жылуу, бирок жаан­чачындуу (январдын темп-расы 4°Сден 12°Сге че­йин); жайында аба ырайы өзгөрмөлүү, кургак­чыл, ысык, батышында жылуу климат өкүм сү­рөт. Пиренейдин батышына, Апеннин ж. а-на, Балкан ж. а-нын батышына ж-а түн.-батышы­на жер ортолук деӊиздик климаттын деӊиздик (жайкы кургакчыл мезгилдин кыскалыгы, жаан-чачындын арбын жаашы), ушул ж. а-дын калган бөлүктөрүнө ж-а Крымдын түш. жээги­не анын континенттик варианттары мүнөздүү. Е. агын суу катмарынын өлчөмү б-ча (295 мм) дүйнө бөлүктөрүнүн ичинен Түш. Америкадан кийинки 2-орунду ээлейт, ал эми агын суунун көлөмү (2850 км3) б-ча, кургактыктын чакан­дыгына байланыштуу Австралия м-н Антарк­тидадан гана мурда турат. Суу агымдары да жалпы нымдуулук сыяктуу эле батыштан чы­гышты ж-а түндүктөн түштүктү карай азаят. Е-нын басымдуу бөлүгү Атлантика океанынын, аз бөлүгү Түн. Муз океандын ж-а ички Каспий деӊизинин алаптарына кирет. Ири дарыялары Чыгыш Европада. Эӊ чоӊ дарыясы – Волга (не­гизги куймалары: Кама м-н Ока). Анын уз. 3530 км, алабынын аянты 1360 км2, суусунун жылдык орт. чыгымы 8000 м3/секдан ашык. Андан кийинки узун дарыялары: Урал, Днепр, Дон, Печора, Днестр, Түн. Двина. Батыш Евро­падагы ири дарыялар: Дунай (уз. 2850 км, ала­бынын аянты 807 миӊ км2, суусунун орт. чыгы­мы 6430 м3/сек), Рейн, Эльба, Висла, Луара, Тахо, Одра. Бул дарыялардын баарында кеме жүрөт, кээ бирлери каналдар аркылуу бири-бири м-н туташат. Көбү гидроэнергетикалык максат­та пайдаланылат. Ири суу сактагычтары: Вол­гадагы Рыбинск, Куйбышев, Дондогу Цимлянск, Днепрдеги Каховка ж. б. Чыгыш Е-нын дарыя­лары кар, бир аз жамгыр сууларынан куралат; жазында ж-а жайдын башталышында суусу ки­рет; түздүктүн түн. бөлүгүндө кар кечирээк эри­гендиктен, суунун кирген учуру жайга туура келет; кышында түш. бөлүгүндөгү дарыялар 1,5– 3 айга, түндүгүндөгүлөр 7–7,5 айга муз м-н кап­талат. Фенноскандияда кыска ж-а босоголуу да­рыялар үстөмдүк кылат; алардын нуктарында көл сымал жайылып аккан жерлери көп, неги­зинен кар сууларынан куралып, жазында суусу кирет; дарыяларынын ортоӊку бөлүктөрүн 2–3 айга, түн. бөлүктөрүн 7–7,5 айга муз каптайт. Ортоӊку Е-нын түздүктүү аймактарындагы да­рыялар негизинен жамгыр сууларынан куралат, кышында тоӊбойт; чыгышыраагындагы дарыя­лар жамгырга кошумча кар, ал эми Альп тоо­лорунан башталган дарыялар мөӊгү суулары­нан да куралат. Жер Ортолук деӊиз аймагынын дарыяларынын деӊгээли күзүндө ж-а кышында (айрым жерлеринде кышында ж-а жазында) көтөрүлүп, жайында меженге туш болот, ал эми чакан суулар өтө тайыздап, айрымдары соолуп да калат. Айрым дарыялардын суусунун кыш­кы чыгымы жайкысынан ондогон эсе көптүк кылат. Жер Ортолук деӊиз аймагынын карст өөрчүгөн жерлеринде дарыя курамына жер ас­тындагы суулар да кошулуп, алардын агымын кыйла жөнгө салып турат. Е-нын көлдөрүнүн көбү плейстоцендеги муз каптоого дуушарланган аймактарда (КМШнын европ. бөлүгүнүн түндүгүндө ж-а түн.-батышын­да, Фенноскандияда, Британ а-нда, Альп тооло­рунда ж-а анын өндүрүндө, Польшанын ж-а Гер­маниянын түздүктөрүндө) топтолгон. Бул көл­дөрдүн көбү тектон. оёӊдордо, чуӊкурдук, гра­бен ж. б-да жайгашып, мөӊгүнүн аракетинен чанагы калыптанган. Бул типтегилерге түздүк көлдөрү – Ладога, Онега, Венерн, Веттерн, Ме­ларен, Имандра, тоо этектериндеги көлдөр – Же­нева, Лаго-Мажоре, Комо, Гарда ж. б. кирет. Муз каптабаган аймактарда көл топтолгон зор аянт­тар жок. Мындагы эӊ мүнөздүү көлдөр: түздүк­төр аркылуу дарыялардын жайылмаларында­гы калдык көлдөр, Волганын, Днепрдин, Ду­найдын, Понун дельталарындагы, Кара, Азов деӊиздеринин жээктериндеги – лагуна, Балкан ж. а-ндагы Шкодер (Скадар), Охрид, Венгрияда­гы Балатон ж. б. тектон., Апеннин ж. а-ндагы ж-а Исландиядагы жанартоо, Чыгыш Европа түздүгүнүн чыгышындагы, Балкан, Апеннин ж. а-ндагы карсттык көлдөр. Е-нын көлдөрүнүн көбү тузсуз агып чыкма көлдөр. Кургакчыл түш.- чыгыш бөлүгүндө мала туздуу ж-а өтө минерал­дашкан туюк көлдөр (Эльтон, Баскунчак) бар. Ушул эле жерде, Азия м-н Е-нын чегинде дүй­нөдөгү эӊ ири көл – Каспий деӊизи жайгашкан. Европадагы азыркы м ө ӊ г ү л ө р д ү н жалпы аянты 116 миӊ км2. Алардын көбү Шпицбергенде (58 миӊ км2), Жаӊы Жер, Франц- Иосиф жеринде, Исландияда, Скандинавия тоолорунда жайгашкан, о. эле Альп тоолорун­да, Уралдын түн. бөлүгүндө, Пиреней, Сьерра- Невада тоолорунда да мөӊгүлөр бар. Е-нын т о п у р а к к ы р т ы ш ы н ы н ар түрдүүлүгү жалпысынан зоналуулук мыйзамче­немине байланыштуу. Топурак пайда болуусу негизинен 4 алкакка бөлүнөт: арктикалык (уюл­дук), бореалдык, суббореалдык, субтропиктик. Эӊ зор аянтты бореалдык ж-а суббореалдык алкактар ээлейт. Топурак кыртышынын зона­луулук структурасы ж-а типтери б-ча нымдуу океандык климаттуу Батыш Е-га ж-а континент­тик климаттуу Чыгыш Е-га бөлүнөт. А р к­т и к а а л к а г ы н д а арктикалык ж-а тундра топурактары пайда болот. Арктикалык топурак Шпицбергенде, Франц-Иосиф жеринде, Жаӊы Жердин түндүгүндө таралып, калыӊды­гы өтө жука, генезистик горизонттору анча бай­калбайт. Тундра топурактары Фенноскандия­нын түндүгүн, Жаӊы Жердин түштүгүн, Чыгыш Европа түздүгүнүн Түн. уюлдук тегеректен түн­дүктө жаткан бөлүгүн ээлейт. Тундра топурагы көбүнчө ашыкча нымдалган, аэрациясы начар, орг. калдыктары жай чириген, чиринди гори­зонту жука топурак; чиринди горизонту төмөн карай көгүш тарткан глей горизонтуна өтөт. Начар дренаждалган оёӊ жерлерде (айрыкча Печора д-нын төмөнкү алабында) тундра топу­рактары саздак тундра топурактары м-н айка­лышат. Б о р е а л д ы к а л к а к Исландия­нын, Фенноскандиянын басымдуу бөлүгүн, Британ а-н, Түн. Е. түздүктөрүн, Чыгыш Е-нын Львов – Киев – Курск – Пермь – Екатеринбург сызыгынан түндүктү карай жайгашкан аймагын

камтыйт. Бул алкактын к о н т и н е н т т и к к л и м а т т у у а й м а к т а р ы н д а төмөнкү топурак кыртыштары таралган: түн. тайганын глейлешкен-күл топурагына ашыкча нымдуу­лук, күлдөшүү, глейлешүү процесстери, орг. кал­дыктардын жай чирүүсү мүнөздүү; накта күл то­пурагы тайганын ортоӊку бөлүгүндө өөрчүп, анда басымдуулук кылган жуулуу режиминин үстүӊкү горизонтундагы орг. калдыктардын кыйла бөлү­гү төмөн чөгүп кетет; тайганын түш. бөлүгүнө ж-а жазы-ийне жалбырактуу токойдун чымдак­күл топурагына күлдөшүү процессинен сыртка­ры чириндинин топтоло башташы мүнөздүү; Ч ыгыш Е -нын бореал дык ал к агынын эӊ түштүгүндө, жазы жалбырактуу токойдун ас­тында токойдун боз топурагы өөрчүп, анда чым­дашуу процесси активдүү жүрөт, чиринди гори­зонту даана байкалып, анын өлчөмү 3төн 8%ке чейин жетет. Бореалдык алкактын о к е а н­д ы к к л и м а т т у у аймактарына топурак­тын төмөнкү типтери мүнөздүү: чымдак, чым көӊдүү топурак Исландиянын, Скандинавиянын түн.-батышынын, Фарер ж-а Гебрид а-нын суб­арктикалык шалбаа ж-а сейрек токойлорунун астында өөрчүп, чириндиге байлыгы м-н өзгөчө­лөнөт; өтө жуулма чымдак-бозомтук-күл то­пурак Скандинавиянын ж-а Финляндиянын түштүгүндө, Улуу Британиянын түндүгүндө, Ор­тоӊку Е. түздүгүндө таралып, айрым жерлерин­де токойдун кычкыл күл топурагы м-н айкалы­шып жатат. Бореалдык алкактагы интразона­лык топурактардан төмөнкүлөр таралган: ал­лювий (а. и. жайпак жээктердеги марш топу­рактары); карбонаттуу түпкү тектердеги чым­дак-карбонаттуу топурак (рендзиндер); тайга зонасында, кыртыш суулары жер бетине жакын жаткан, анча тилмеленбеген түздүктөрдөгү шал­баанын астында чымдак-глей топурагы өөрчү­гөн; чымкөӊ-саз топурагы – верещатниктердин астында өөрчүп, начар дренаждалган, чопо кат­мары үстүӊкү бетке жакын жаткан жерлерге мүнөздүү. Бореалдык алкакта жайгашкан тоо­лордо тоо тундра, Уралда, о. эле тоонун чым­дак-күл тоо токоюнун боз, Шотландияда ж-а Скандинавиянын орто бийик тоолорунда тоо­нун күл топурактары таралган. С у б б о р е а л­д ы к а л к а к т а г ы океандык ж-а мелүүн континенттик аймактардын топурак-кыртыш­тарындагы зоналык структурасындагы айырма­чылык ого бетер күчөйт. М е л ү ү н к о н т и­н е н т т и к к л и м а т т у у аймактарда түпкү тектерин лёсс түзгөн талаа зонасында кара ж-а каштан топурактары пайда болот. Токойлуу талаада ж-а талаанын түн. бөлүгүндө күлдөш­көн, жегичтүү ж-а накта кара топурак түзүлүп, ал өӊү кара, калыӊ чиринди горизонту, чирин­диге байлыгы (8%тен ашык), карбонаттуу ил­лювий горизонтунун болушу м-н өзгөчөлөнөт. Кургакчылыраак талаа ландшафттуу аймактар­да аз ж-а орто чириндилүү кадимки ж-а түш. типтеги кара топурактар пайда болуп (чиринди­си 4–8%), карбонаттуу горизонту жогору жай­гашып, тыгыз келет. Молдавия ж-а ага чектеш жайгашкан Румыниянын жерлерин, Азов бою ойдуӊунун чыгышын, Крымдын түздүктөрүн мер­гелдин ж-а акиташтегинин үстүндө кадимки ж-а мицелярдык-карбонаттуу, аз ж-а орто чи­риндилүү, бүт горизонту б-ча карбонат арбын таралган түш. типтеги каштан топурактары ээлейт. Кыйла кургакчыл талаа Украинанын түш. бөлүгүн, Төмөнкү Волга боюн, Каспий боюн ээлеп, анда жуулуу режимисиз, чиринди гори­зонту жукараак, карбонаттуу горизонту өтө ты­гыз каштан топурагы өөрчүгөн; Каспий бою ой­дуӊунун айрым жерлеринде каштан топуракта­ры шортоӊ кыртыштар м-н айкалышып жатат. Шортоӊ топурактар түпкү тектердин туздуу бо­лушуна байланыштуу. Каспий бою ойдуӊунун эӊ кургакчыл жерлеринде, жарым чөл өсүмдүк­төрүнүн астында өөрчүгөн жарым чөлдүн коӊур топурактары кум массивдери м-н айкалышып жатат. Суббореалдуу алкактын о к е а н д ы к к л и­м а т т у у аймактарында жазы жалбырактуу токойдун астында токойдун коӊур топурагы өөрчүгөн. Бул топурактын профилинде горизонт­тор даана байкалбайт, коӊур түстөгү иллювий горизонту өтө калыӊ (анткени чополошуу ж-а карбонаттын жуулуу процесси катуу жүрөт). Жеринин бетинин өтө тилмеленгендигине ж-а литологиялык ар түрдүүлүгүнө байланыштуу токойдун коӊур топурагынын жуулуу ж-а күлдөшүү деӊгээли бирдей эмес, көбүнчө күл, чымдак-карбонаттуу топурактар, коӊур рендзин­дер м-н кезектешип жатат. Кыйла континент­тик климаттуу тоо аралык өрөөндөрдө токой­дун коӊур топурагы көбүнчө жука калыӊдык­тагы накта ж-а кадимки кара ж-а шалбаалуу кара топурактар м-н алмашат; алардын негиз­ги ареалдары Дунай бою түздүктөрүндө тарал­ган. Ушул эле аймактардын оёӊ жерлеринде шор топурактар кездешет. Орто бийик тоолордун басымдуу бөлүгүн тоо токоюнун коӊур топурак­тары ээлейт. Карпат, Пиреней, Альп тоолорун­да ал топурактардан башка тоонун күл топура­гы (1000–1600 м бийиктикте) улам жогорула­ган сайын тоо-шалбаа топурагы м-н алмашат. С у б т р о п и к т и к а л к а к т а жайгашкан Түш. Е-га ж-а Крымдын түш. жээгине дайыма жашыл ксерофиттик токойлордун ж-а бадал­дардын астында күрөӊ топурактар өөрчүгөн; бул топурак чириндиге байлыгы (4–7%) ж-а бүт профили б-ча карбонаттуулугу м-н өзгөчөлөнөт. Нымдуу аймактарда бул топурак жуулма ре­жимде болуп, карбонаттар кыйла тереӊдикке чейин жуулуп кетет. Балкан ж. а-нын баты­шында ж-а Апеннин ж. а-нын түш.-чыгышын­да ж. б. жерлерде «терра росса» (карбонаттуу тоотектердин үбөлөндү продуктулары) кеӊири таралган. Алар өтө карбонаттуу кызыл ренд­зиндерди пайда кылат. Жер Ортолук деӊиз ай­магынын кыйла кургакчыл жерлеринин бадал­дуу формацияларынын астында бозомук-күрөӊ топурактары өөрчүгөн. Балкан ж. а-нын тоо аралык түздүктөрүндө, негизги кристаллдык тектердин үбөлөндү продуктуларында өтө ты­гыз түзүлүштөгү, чириндиге жарды, өӊү кара смолница топурагы пайда болгон. Жер Ортолук деӊиз аймагынын тоолорундагы тоонун күрөӊ топурагы бийиктеген сайын тоо токоюнун ко- ӊур топурагы м-н алмашат. Е-нын топурак-кыр­тышынын ичинен кара, токойдун коӊур ж-а боз, о. эле күрөӊ топурактары дыйканчылыкта ке- ӊири, тундра, жарым чөлдүн коӊур топуракта­ры бир аз пайдаланылат; ал эми арктикалык топурак дээрлик пайдаланылбайт. Е-нын ө с ү м д ү к т ө р ү флоралык курамы б-ча Голарктикага кирет. Материктер ортосун­дагы байыркы ж-а азыркы байланыштардын негизинде Е-нын флорасында Азияныкына, Африк аныкына ж-а Түн. Американыкына мүнөздүү тукумдар, уруулар ж-а түрлөр кезде­шет. Ал эми эндемиктер салыштырмалуу аз. Е-га өсүмдүктөрдүн төмөнкү типтери мүнөздүү: тундра, бореалдык же тайга, неморалдык (жазы жалбырактуу ж-а ийне-жазы жалбырактуу то­койлорду ж-а алар м-н байланыштуу бадалдуу ж-а чөл өсүмдүктүү жалпылыкты камтыйт), талаа, чөл, субтропиктик бадал-дарак өсүмдүк­төрү. Булардын ичинен эӊ кеӊири таралганы токой тибиндеги өсүмдүктөр, эӊ аз таралганы – тундра ж-а чөл өсүмдүктөрү. Арктикалык, суб­арктикалык ж-а бореалдык кеӊдиктерде океан­дык климаттуу ж-а мелүүн континенттик ай­мактардын ортосундагы өсүмдүктөрдүн зоналык тиби б-ча айырма анча байкалбайт. Кыйла тө­мөнкү кеӊдиктерде ал айырма даана байкалат: климаты океандык аймактарда тайга токоюнан түштүгүрөөктө ийне ж-а жазы жалбырактуу аралаш токой, жазы тилкени түзгөн жазы жал­бырактуу токой таралган. Ал токойлор субтро­пик алкагында ксерофилдик дайыма жашыл ж-а дайыма жашыл-жалбырагын күбүүчү ара­лаш токойлор ж-а бадалдар м-н алмашат. Ал эми климаты мелүүн континенттик аймактар­да тайгадан түштүгүрөөктө жазы ж-а ийне жал­бырактуу, жазы жалбырактуу токойлор кууш тилкени түзүп, түштүктү ж-а түш.-чыгышты карай токойлуу талаа, талаа, жарым чөл ж-а чөл м-н алмашат (Крымдын түш. жээгинде суб­тропиктик өсүмдүктөрдүн элементтери кездешет). Е-нын аймагында азыр табигый ландшафт дээрлик жокко эсе; тундра м-н тоонун ландшафт­тары ж-а фаунасы гана салыштырмалуу азы­раак өзгөрүүгө дуушарланган. Мурда негизинен эмен ж. б. дарак өсүмдүктөрүнөн турган жазы жалбырактуу токой текши тилкени түзүп, түндүгүндө ийне жалбырактуу токойго, түш­түгүндө жер ортолук деӊиз тибиндеги сейрек токойго өткөн. Токой б. з. ч. 5-к-дан эле Грекия­да кыйылып жок кылына баштаган; кийин бул процесс Түш. ж-а Ортоӊку Е-нын башка жерле­ринде да кеӊири кулач жайган. Токойдун ту­руктуу жок кылына башташы табигый биотоп­тун бир бүтүндүгүн бузуп, аймактын табигый фаунасына ж-а флорасына терс таасир тийгиз­ген. А р к т и к а л ы к т у н д р а ж-а ч ө л ландшафттары Шпицберген, Франц-Иосиф жери, Жаӊы Жер а-нда таралган. Өсүмдүктөрдөн эӊилчек, мамык чөп, чөп өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрү (таш жаргы, каз таман ж. б.) ж-а ба­далдар (дриада, уюл талы ж. б.) мүнөздүү. Арк­тикалык чөл (өсүмдүк өспөгөн таштак жерлер) да кыйла аянтты ээлейт. Н а к т а т у н д р а континенттин түн. ж-а Жаӊы Жер а-нын түш. жээктерин ээлейт, өсүмдүк түрлөрүнө салыштыр­малуу бай келип, кыйла текши каптаган. Мында мамык чөп-эӊилчектүү тундра (күрөӊ ж-а жа­шыл мамык чөптөр, эӊилчектерден ягель ж. б. үстөмдүк кылат, о. эле айрым чөп өсүмдүктөр – драба, бетеге, кызгалдак, таш жаргы кездешет), бадалдар (водяника, казанак) ж-а жапалак ба­далдар (жапалак кайыӊ, уюлдук ж-а тегерек жалбырактуу тал) үстөмдүк кылат. Ашыкча нымдуу жерлеринде саздар кездешет. Исландия­нын, Скандинавиянын тоолорунда, Уралда тоо тундрасы (түндүктө 300–500 мден, түштүктө 1000–1100 м бийиктиктен жогору) өзүнчө алкак­ты түзөт. Тундра өсүмдүктөрү түштүктө т о к о й­л у у т у н д р а г а өтөт; ага тундранын, саздардын ж-а жапыз өскөн сейрек токойдун (чыгышында карагай, батышында кайыӊ, кы­зыл к арагай үс тө мдүк к ыл ат) айк ал ышы мүнөздүү. Бул токойлордо мамык чөп-эӊилчектүү ж-а бадалдуу ярустар (ит бүлдүркөн, кара моюл, аюу мөмө, водяника) даана байкалат. Тоолордо мындай токойлор (түндүгүндө 300–400 мден, түштүгүндө 900–1000 м бийиктикке чейин) өзүнчө өсүмдүк алкактарын пайда кылат. Исландияда кайыӊ токою шалбаа ж-а саздар м-н айкалы­шат. Тундра өсүмдүктөрү айрым жерлерде бугу жайыты катары пайдаланылат. Т а й г а түштүктө болжол м-н 57–58° түн. кеӊдиктерге чейин жеткен жазы тилкени ээлейт. Анда ийне жалбырактуу токой – чыгышында сибирь ка­рагайы, көк карагайы ж-а кара карагайы, ба­тышында – европа карагайы, кадимки кызыл карагай үстөмдүк кылат. Урал өндүрүндө, зона­нын түндүгүндө Скандинавияга чейин, о. эле кедрлүү кызыл карагай токою басымдуу. Ным­дуу жерлерде бул токойлордун астында мамык чөп, кара моюл, ит бүлдүркөн, вереск, кислица, кургакчыл жерлерде эӊилчек үстөмдүк кылат. Ийне жалбырактуу токойлордон сырткары кайыӊ ж-а байтерек токойлору да кездешет; алар көбүнчө алгачкы токой массиви кыйылып же өрттөнүп кеткен жерлерде өсөт. Тайга токою­нун түн. чет-жакаларында – Фенноскандияда жерг. кайыӊ токою бар. Тайга зонасындагы өсүмдүктөрдүн башка типтеринен жайылма шалбаалары, казанак, кидик дан куурай, клюк­ва, кара моюл өскөн сфагн саздары, чөп өсүмдүктөрү өскөн токой саздары кездешет. Скандинавия тоолорунда ж-а Уралда тайга то­кою тоо өсүмдүктөрүнүн төмөнкү алкактарын түзөт. Тайга өсүмдүк ресурстарына бай: андан целлю­лоза-кагаз, хим. ж-а курулуш ө. ж-лары үчүн жыгач даярдалат; тайгада териси баалуу жаны­барларга (тыйын чычкан, суусар, арыс, түлкү, ак коён ж. б.) аӊ ууланат, жапайы айбанаттар­дын ж-а куштардын (багыш, рябчик, каракур, кереӊкур ж. б.) эти даярдалат, табигый өсүмдүк­төрдүн (ит бүлдүркөн, кара моюл, карагат, че­тин, моюл ж. б.) мөмөлөрү ж-а козу карын жый­налат. Тайганын шалбаалуу жерлери негизинен бодо мал үчүн жайыт катары пайдаланылат. Ж а з ы ж-а и й н е ж а л б ы р а к т у у а р а л а ш т о к о й тайгадан түштүктө Скандинавиянын түштүгүнөн Уралга чейин со­зулуп жатат. Балтика бою өлкөлөрүнүн, Бело­руссиянын аймактарында, Чыгыш Европа түздү­гүнүн борб. бөлүгүнүн батышында аралаш то­кой эӊ жазы тилкени түзөт. Нижний Новгород ш-нан чыгышты карай аралаш токой тилкеси өтө кууштайт. Зонада ийне ж-а жазы жалбырак­туу (эмен, ак чечек, жөкө дарак) токой аралаш өсөт. Кум топурактуу жерлерде кызыл карагай токоюнун ири массивдери бар. Е-да ж а з ы ж а л б ы р а к т у у т о к о й зор аймакты ээлейт. Ал Батыш Е-нын тоолордон башка бүт аймагын ээлеп, түндүгүндө тайга ж-а аралаш то­койго, түштүгүндө субтропикке (болжол м-н 40° түн. кеӊдикке) чейин жетет. Карпаттан чыгыш­ты карай жазы жалбырактуу токой тилкеси өтө ичкерип, Урал өндүрүнө чейин созулат, анда зонанын түш. чеги 53–54° түн. кеӊдиктерден өтөт. Жазы жалбырактуу токой өсүмдүктөрүнүн ичинен эӊ кеӊири таралганы – эмен. К л и­м а т ы о к е а н д ы к а й м а к т а р д а эмендин саптуу эмен, аска эмени (чыгышта Түш. Буг д-на чейин жетет) ж. б. түрлөрү нукура эмен токоюн же кайыӊ (Британ а-нда, Бельгияда, Нидерландда), кадимки граб, жөкө дарак, бук (негизинен Батыш Е-да) аралаш эмен токоюн түзөт. Нукура бук токою дөбө-дөӊсөөлөрдүн кап­талдарында, тоолордун төмөнкү алкактарында, кышы салыштырмалуу жылуу, абасы өтө ным­дуу, бирок топурак кыртышы ашыкча нымдуу болбогон жерлерди ээлейт. Түш. аймактарда, негизинен Францияда каштан токою таралган. Атлантика бою аймагындагы жазы жалбырак­туу токойдун астында дайыма жашыл өсүмдүк­төрдүн түрлөрү – падуб, самшит, лианалар – плющ өсөт. Кумдуу ж-а таштуу топурактарда (Франциянын түн.-батышында, Британ а-нда, Ортоӊку Е. түздүгүндө) верещатниктер, чөп өсүмдүктүү ж-а чөп-мамык чөптүү саздар, ал эми Түндүк деӊиздин жээктеринде марштын шор­дошкон шалбаасы кеӊири таралган. Тоо арасын­дагы түздүктөрдө (Чехия, Орто Дунай түздүгүндө) токой талаага айланып кеткен, айрым жерле­ринде шалбаалуу талаа кездешет. Чыгыш Е-нын к л и м а т ы м е л ү ү н к о н т и н е н т т и к аймактарында каштан ж-а бук токойлору кездешпейт; Крымда гана чы­гыш бук тоо токою бар. Мында саптуу эменден сырткары жөкө дарак, ак чечек, байтерек, кара жыгач, ал эми бадалдуу ярусунда – лещина, бересклет, шилби өсөт. Токойдун төмөнкү ал­кактарын 1600–2100 м бийиктикке чейин жазы ж-а ийне жалбырактуу тоо токою ээлейт; алар улам жогорулаган сайын субальп бадалдарына ж-а шалбаасына, бийик тоолордо альп шалбаа­сына өтөт. Айдоо жерлерди, бак-дарактарды, түш. аймактарында жүзүмзарды кеӊейтүү мак­сатында токой өсүмдүктөрүнүн ири аянттары кыйылып жок кылынган. Токойду калыбына келтирүү максатында жазы жалбырактуу дарак­тардын (айрыкча буктун) ордуна ийне жалбы­рактуу дарактар (кызыл карагай, карагай) же тез өсүүчү жазы жалбырактуулар (терек) отур­гузулган. Субальп ж-а альп шалбаалары жай­кы жайыт катары кеӊири пайдаланылат. Е-нын мелүүн континенттик климаттуу ай­мак тарында жазы жалбырактуу токой дон түштүгүрөөк т о к о й л у у т а л а а созулуп жатат. Анда жазы жалбырактуу токой (неги­зинен суу бөлгүчтөрдө) шалбаалуу талаа м-н айкалышып жатат; салыштырмалуу нымчыл дүйүм чөптөр (каз таман, сенеция, анемона, көк шимүүр, адонис) басымдуу. Андан да түштүгү­рөөктө чымдуу кылкан өсүмдүктөрү (ак кыл­кандын түрлөрү, бетеге) үстөмдүк кылган н а к­т а т а л а а таралган. Накта талаадан түштүккө, салыштырмалуу кургакчыл аймак­тарда – Украинанын түштүгүнө, Крымдын түндүгүнө, Төмөнкү Волга боюна к у р г а к (т ү ш т ү к) т а л а а мүнөздүү; анда шыбак, ак кылкан, бетеге, буудайык, тырса суйдаӊ өсөт. Е-нын четки түш.-чыгышын суйдаӊ шыбактуу ж-а баялыштуу жарым чөл ж-а чөл ээлейт. Кара ж-а каштан топурактуу талаа дээрлик бүт ай­далып, ал жерлерге буудай, жүгөрү, кант кы­зылча, күн карама ж. б. өстүрүлөт. Талаанын табигый өсүмдүктөрү негизинен коруктарда гана сакталып калган. Жарым чөл ж-а чөл зонала­ры жайыт (негизинен кой жайыты) катары пай­даланылат. Е-нын субтропиктик бөлүгүндө түздүктөрдө ж-а тоо этектеринде жайкы кургакчылыкка ба­йырлашкан к с е р о ф и л д и к д а й ы м а ж а ш ы л т о к о й ж-а б а д а л д а р таралган. Ал токойлордо таш, кермес ж-а ты­гын эмендери, алеп, приморье ж-а италия кы­зыл карагайы үстөмдүк кылат. Токой бадалдарга бай, токой ичиндеги чөп өсүмдүктөрү жай мез­гилинде толук куурап калат. Бадал формация­ларынын ичинен эӊ кеӊири таралганы: маквис (филлирея, мирта, ладанник, мисте, асыл лавр, жапайы болуп кеткен зайтундан турат); паль­митос (Е-дагы жапайы хамеропс пальмасынын жалгыз өкүлү; Пиреней ж. а-нын түштүгүндө, Балеар а-нда, Сицилияда); гарига (мында көбүн­чө таштак жерлердеги бадал тибиндеги кермес эмени үстөмдүк кылат); томиллари (Пиреней ж. а-нын кургакчыл ички бөлүгүндөгү тимьян, лаванда ж. б. эфир майына бай өсүмдүктөр); шибляк (негизинен жалбырагын күбүүчү, о. эле дайыма жашыл бадалдар); фригана (жапыз өс­көн тикендүү бадалдардан ж-а катуу чөптөр­дөн турат; Балкан ж. а-нын ички ж-а чыгыш аймактарында). Жер Ортолук деӊиз аймагынын тоолуу бөлүгүндө дайыма жашыл токой ж-а ба­далдар алкагынан (түндүгүндө 300–400 мден, түштүгүндө 800–1000 мден) жогору жалбырагын күбүүчү жазы жалбырактуу (эмен, бук, каштан) ж-а ийне жалбырактуу (карагай, көк карагай, кызыл карагай, атлантика кедри) токой алкак­тары жайгашкан; алар эӊ бийик тоолордо кууш тилкелерди түзгөн субальп ж-а альп алкакта­рына өтөт. Жер Ортолук деӊиз аймагынын то­кой, бадалдарынын басымдуу бөлүгү адамдар­дын аракеттеринен же өрттөн жок болуп кет­кен. Азыр алардын ордун буудай, жүгөрү, цит­рус өсүмдүктөрү, зайтун дарагы, тыгын эмени, жүзүмзар, бак-дарак, парктар ээлейт; Пиреней ж. а-нын түш.-чыгышында курма пальмасынын Е-дагы жалгыз плантациясы жайгашкан. Эчки, койдун ыксыз көп жайылуусунан тоолордун өсүмдүктөрү да өтө өзгөрүп кеткен. Е. Голарктика зоогеогр. аймагына кирет. Е-нын көп бөлүгү Европа-Сибирь, түн. чети Арктика, Жер Ортолук деӊизге жакын жаткан жерлери жер ортолук деӊиздик, Каспий бою ойдуӊу Борб. Азия аймактарына таандык. Та­бигый ресурстарды кеӊири пайдалануунун на­тыйжасында (токой кыюу, ачык аянттарды айдоо ж. б.) айбанаттардын түрлөрү ж-а тара­лышы кескин өзгөргөн. Мурда көп кезиккен айбанаттар азайып, же биротоло жоголуп, алар­дын ордуна башка жаныбарлардын түрлөрү көбөйө баштады. Тундра ж-а токойлуу тундра­да ак түлкү, алагуш, ак ж-а тундра кекилиги, ак үкү, таажылуу торгой; деӊиз жээктеринде ак чардак, түрдүү каздар, түлөн ж. б. кездешет. Токой зонасында – багыш, каман, түлкү, ка­рышкыр, күрөӊ аюу, жапайы мышык, кирпи, кемчет, ак ж-а сур коён; канаттуулардан – ка­рабоор, кереӊкур, вальдшнеп, сагызган, күкүк, чаркарга, үкү, таркылдак, көк чымчык, бүркүт, карчыга; Чыгыш Европа токойлорунда булар­дан башка киш, суусар, тыйын чычкан, коён, момолой; Батыш Европа токойлорунда асыл бугу, элик, коён, чээнчилдер кезигет. Талаа ж-а токойлуу талаа зоналарында кемирүүчүлөр ж-а туяктуулар көп: бөкөн (чыгышында), сары чыч­кан, сур коён, суур, кош аяк, момолой, аламан (хомяк); канаттуулардан – торгой, тоодак, боз кекилик, безбелдек, бөдөнө, ак кулаалы. Жер Ортолук деӊиздик зонада – пиреней ж-а альп тоо эчкиси, аркар, жейрен, альп сууру, чүткөр, кирпи; Пиреней ж. а-нын түш. жагында май­мылдардын тукумуна кирүүчү куйруксуз мака­ка (магот) бар. Канаттуулары: тоо тааны, кар­лыгач, чабалекей, көкшалкы, таранчы, көк са­гызган, көк жору.

Антропологиялык курамы.

Е-да 44 өлкө жай­гашкан. Анын калкынын жалпы саны 804 млн (2005). Е-нын дээрлик бардык калкы епропеоид расасына кирет. Ал бир нече майда расаларга бөлүнөт: атлантика-балтика (Скандинавия өлкөлөрүнүн, Улуу Британия, Ирландия, Ис­ландия, Нидерланд, Түн. Германия, о. эле Эсто­ния, Латвиянын калкын камтыйт), орто европ. (Батыш Е-нын борб. бөлүгүнүн, КМШнын евро­па бөлүгүнүн калктары), балкан-кавказдык (Босния ж-а Герцеговина, Македония, Хорва­тия, Словения, Сербия ж-а Черногория, Түн. Гре­кия, Австриянын түштүгү, Италиянын түндүгү, Кара деӊизден батышта, чыгышта ж-а түндүктө жашаган калктар), инди-жер ортолук деӊиздик (Испания, Италиянын басымдуу бөлүгү, Фран­ция, Түш. Грекия, Жер Ортолук деӊиздин арал­дары), ак деӊиз-балтикалык (Литва, бир аз Латвия, КМШнын европ. бөлүгүнүн түндүгү бүт) ж-а уралдык (лопари, коми, мари, мордва, уд­мурт).

Этностук курамы.

Е. элдеринин басымдуу көпчүлүгү индиевропалык тил уясына кирген бир нече топко (славян, балтика, герман, кельт, роман, грек, армян, иран о. эле индиарий тил топтору) бөлүнөт. Славяндар Чыгыш ж-а Түш. Чыгыш Е-ны мекендешип, чыгыш, батыш ж-а түш. топчолорунан турат. Чыгыш славяндарга орустар, украиндер (русиндер), беларустар; ба­тыш славяндарга поляктар ж-а кашубдар, чех­тер, словактар, лужистер; түш. славяндарга бол­гарлар, македондор, словендер, сербдер, хорват­тар, босниялыктар, черногориялыктар кирет. Балтика тилдер тобуна литвалыктар, латыштар таандык. Герман тилдер тобундагы элдер неги­зинен Борб. ж-а Түн. Е-да жашашып, батыш ж-а түн. топчолоруна бөлүнөт. Батыш топчосуна немистер, австриялыктар, герман-швейцария­лыктар, люксембургдуктар, эльзастыктар ж-а лотарингиялыктар, нидерланддар (голланддар), фламанд, фриз, идиш (европадагы еврей тили), англис тилдүү (англичандар, шотланддар ж-а англ ж-а шотланд-ирланддар) элдер ж. б.; Түн. топчосуна дандар, фарерлер, шведдер, норвегдер, исланддар кирет. Кельт тилдер тобундагы эл- ислам, еврейлер иудаизм динин тутушат. Европанын саясий бөлүнүшү

  • Азиялык бөлүгү м-н бирге

Ад.: Ерамов Р. А. Западная Европа. М., 1960; Доб­рынин Б. Ф. Физическая география Западной Европы. М., 1948; Мильков Ф. Н., Гвоздецкий Н. А. Физиче­ская география СССР. Общий обзор. Европейская часть СССР. Кавказ. М., 1969; Магидович И. П. История исследования Европы. М., 1970; Физическая геогра­фия материков и океанов /Под ред. А. М. Рябчикова. М., 1988; Романова Е. П. Современные ландшафты Европы. М., 1997; Притула Т. Ю., Ерёмина В. А., Спрялин А. Н. Физическая география материков и океа­нов. М., 2004. Ө. Бараталиев. Ш. Керимова.