ГРИВНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРИ́ВНА – моюнга тагынуучу асем буюм. Ал металл, коло, темир, күмүш ж-а алтындан жасалган. Коло доорунда пайда болуп, көптөгөн өлкөлөрдө кеӊири колдонулган. Мидия, Персияда айрым аялдар ж-а эркектер, галлдарда аялдар, уруу башчылары тагынган. Римдиктер Г-ны согуш мезгилинде айырмалангандарга сыйлыкка берген. Г. скифтер, сарматтар, о. эле о. кылымда батыш ж-а чыгыш славяндар, скандинавдар ж-а Волга, Кама, Ока боюнда жашаган балт урууларында кийимге тагылчу кооздук буюм болгон. 1988-ж. Кырг-нда (Бишкек ш-нын түн. тарабында) б. з. ч. 3–5-к-га таандык

алтындан жасалган Г. табылган.