ЕВРОПА ПАРЛАМЕНТИ (ЕВРОПАРЛАМЕНТ)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:50, 19 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕВРО́ПА ПАРЛАМЕНТИ (ЕВРОПАРЛАМЕНТ)Европа Союзунун (ЕС) өкүлдүк орга­ны. ЕСке кирген өкүлдөр өлкөлөрдүн шайлоо­чулары тарабынан жалпы тике шайлоо м-н 5 жылдык мөөнөткө ал мамлекеттердин калкы­нын санына жараша (жалпы 732 депутат) шай­ланат. Е. п. ЕСтин бюджетин бекитет, эл ара­лык келишимдерди ратификациялайт, кон­сультациялык ж. б. функцияларды аткарат. Е. п-нин кезектеги сессиялары Страсбург ш-нда (Франция), чукул чакырылган сессиялары Брюс­сель (Бельгия) ш-нда өткөрүлөт. Генералдык секретариаты Люксембургда, штаб-квартирасы Страсбург ш-нда жайгашкан.