ЕГИПЕТ (Байыркы)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:54, 19 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕГИ́ПЕТ Б а й ы р к ы – Африканын түн.-чыгы­шында, Нил д-нын төмөнкү аймагындагы ба­йыркы мамлекет. Египеттин аймагы – б. з. ч. 4-миӊ жылдыкта түзүлгөн цивилизациянын эӊ байыркы очокторунун бири. Е. аймагында адам баласы палеолит доорунда эле жашаган. Ба­йыркы көчмөн уруулар жемиш чогултуп, аӊ- чылык кылышкан, кийинчерээк балык уулай башташкан. Алардын арасында протосемит, бербер ж-а кушит уруулары болгон, алар өз ара аралашып, натыйжада б. з. ч. 4-миӊ жылдык­ка карата египет эли калыптанат. Б. з. ч. 4-миӊ жылдыктын орто ченинде Төмөнкү Е. ж-а Жогорку Е. падышалыгы пайда болот. Б. з. ч. 3000-ж. ченде Түштүктүн падышасы Менес (Мена) Төмөнкү Египетти басып алып, бир падышалык­ка бириктирген.

Алгачкы падышалык

мезгилде (б. з. ч. 3000–2800-ж. чен, алгачкы эки динас­тия башкарган) сугат чарбасы, жез куралдары, карапа жасоо өнөрү өнүгүп, соода-сатык кеӊей­ген; мамл. аппарат түзүлүп, адм. округдар (ном­дор) бөлүнүп чыккан, талоончул жортуулдар жасалып турган.

Байыркы падышалык

(б. з. ч. 2800–2250-ж. чен) Жосер династиясынын сура­гы м-н башталган. Бул мезгилде а. ч., соода, кол өнөрчүлүк андан ары өнүгүп, туруктуу аскерлер пайда болот. Байыркы падышалык мезгилдин аяк ченинде номдордо жерг. ак сөөктөр күчтө­нүп, борб. бийликке каршы чыккан. Е-тин ал­гачкы ыдыроо мезгилинде (б. з. ч. 2250–2050-ж.

ченде) өлкө өз ара касташкан номдорго ж-а май­да мамлекеттерге бөлүнүп (б. з. ч. 23–22-к.), чар­басы бүлүнгөн. Өлкө кийин (2050-ж. ченде) Мен­тухотеп IIнин тушунда гана кайрадан бириккен. Ортоӊку падышалык мезгилинде (б. з. ч. 2050– 1700-ж. ченде) XII династия башкарган. Файюм оазисинде ири сугат иштери жүргүзүлүп, жез куралдары колдонулган. Кулдардын эмгеги пай­даланылган. Өз ара согуштар көп болуп, Аме­немхет IIIнүн мезгилинде (б. з. ч. 19-к-дын 2- жарымы) гана борб. бийлик бекемделген. Мүлк­түк теӊсиздиктин күчөшү элдик көтөрүлүшкө

Луксор храмы (Сфинкстер аллеясы). XVIII династия, ХХХ династия.

алып келген. Е-тин экинчи жолку ыдыроо мез­гилинде (б. з. ч. 1700–1580-ж. ченде) 1700-ж. Египетке түн.-чыгыштан гиксос уруулары басып кирип, өлкөнүн көп бөлүгүн 110 жыл бийлеп турушкан. Аларды XVII династиянын негиздөө­чүсү Яхмос I (Амасис) 1580-ж. ченде Египеттен кууп чыккан.

Жаӊы падышалыктын

(б. з. ч. 1580–1070-ж. ченде) убагында коло кеӊири пай­даланылып, темир буюмдар пайда болгон, ме­талл иштетүү техникасы өркүндөп, жеке кул ээлик күчөгөн. Яхмостун мурасчылары Тутмос I, Тутмос II, Аменхотеп II Сирия, Палестина ж. б. жерлерди басып алышкан, Вавилон, Хетт па­дышалыгы ж. б. мамлекеттер м-н дипл. мами­ле түзгөн. Бирок, фараондор м-н жрецтердин өз ара күрөшүнөн начарлаган Е. 14-к-дын 1-жары­мында түндүктөгү бардык жерлеринен ажырап калган. XIX династиянын көрүнүктүү өкүлү Рамсес IIнин тушунда Е. Сириянын айынан хет­тер м-н согушуп, натыйжада Палестина м-н Түш. Сирияны кошуп алган, бирок, XX династиянын сурагынын аяк ченинде Сириядагы ж-а Куштун

Абу-Симбелдеги фараон Рамсес IIнин аска храмы. ХIХ династия.

түш. аймактарындагы жерлеринен ажыраган, ал эми Рамсес XIIнин тушунда (б. з. ч. 1070-ж. чен­де) Фивыдагы бийлик иш жүзүндө Амон куда­йынын жогорку жреци Херихордун колуна өт­көн. Кеч ж-а перс мезгилинде (б. з. ч. 1070– 332-ж. ченде) Е-тин бардык жеринде темир ку­рал урунуу, акча жүгүртүү өнүгөт. 11-к-дын ая­гы – 10-к-дын башында Е. дагы ыдырап, 8-к-дын 2-жарымында Куштун (XXV династия), ал эми 671-жылдан ассириялыктардын бийлигине өтөт. Саистин башкаруучусу Псамметих Iнин тушунда Е. Ассирия бийлигинен кутулат, би­рок б. з. ч. 525-ж. кайрадан перстерге көз ка­ранды болот, 404-ж. ченде алардан убактылуу бошонот. Б. з. ч. 332-ж. Е-ти Александр Ма­кедонский биротоло каратып алат. Грек-Рим мезгилинде (б. з. ч. 332 – б. з. 395-ж.) Е. эллин­дик (к. Эллинизм) дүйнөнүн бир бөлүгүнө айла­нат, анда кол өнөрчүлүк м-н сооданын жаӊы борборлору пайда болот, соода байланышы кеӊийт. Б. з. ч. 2-к-дын аягында Е. экон. ж-а саясий кризиске учурайт, б. з. ч. 30-жылда Египет Рим империясынын провинциясына айланат. Рим империясы бөлүнгөндөн кийин (б. з. 395-ж.) Византиянын курамына кирет. 619-ж. аны Персия падышасы Хосров II кара­тып алат. 639–642-ж. Е-ти арабдар басып алат (к. Египет).

Маданияты

. Е-тин ад-ты дүйнөдөгү байыркы ад-ттардын бири. Ал б. з. ч. 4-миӊ жылдыктын акырынан башталат. Эмгек ырлары Байыркы падышалык мезгилиндеги (б. з. ч. 3-миӊ жыл­дык) күмбөз беттеринен табылган. Ад-ттын гүлдөп өнүгүшү Орто падышалык (б. з. ч. 21– 18-к.) мезгилине туура келет. Күмбөз тактала­ры м-н дубал беттеринде, папирустарда ж-а ди­ний жыйнактарда («Пирамида тексттери», «Өлгөндөрдүн китеби») кудайларга жазылган гимндер сакталган. Е. ад-тынын көп сюжетте­ри байыркы грек, копт ж-а о. кылымдагы Чы­гыш ад-ттарынан келип кирген.
Е-те ири шаарлар, чептер ж-а ирригациялык курулмалар тургузулган. Таш храмдар, ак са-

Гизадагы Египет пирамидаларынын комплекси (б. з. ч. 2540–2450).

райлар, өлүк коюучу жайларынын арх-расы мо­нументтүүлүгү м-н айырмаланат. Байыркы па­дышалык доордо (б. з. ч. 3-миӊ жылдыкта) мар­кумдарга сыйынууга байланыштуу түз бурчтуу күмбөздөрдүн тиби (мастаба) ж-а пирамидалар (алгач формасы тепкичтүү – Саккарадагы Жосер пирамидасы, кийин классикалык фор­мада – Гизадагы Хеопс, Хефрен, Микерин пи­рамидалары) ж. б. формадагы колонналуу храм­дар, обелиск, сфинкстердин типтери түзүлөт. Мо­нумент скульптураларга (фараондордун статуя­лары) формасынын чоӊдугу, лаконизм, геомет­риялуулук мүнөздүү. Зыярат очогу болгон фа-

Жосер фараондун с кульп тур ас ы на н фрагмент (б. з. ч. 2600-ж. чен; Каир, Египет музейи).

раондордун сөөгү коюлган храмдар өтө чоӊ ку­рулган. Ал храмдарды (Карнактагы, Луксордо­гу колонналуу залдар, кубаттуу пилондор, сфинкс аллеялуу храмдар) куруу Жаӊы пады­шалык доорунда (б. з. ч. 16–11-к.) күч алат. Эх­натондун учурунда (б. з. ч. 1400-к-дын 3-чейре­ги) рельефтүү композициялуу ж-а статуялуу зор храмдарды куруу (Карнакта, Абу-Симбелде, Ме­динет-Абуда) өнүгөт. Б. з. ч. 4-к-дан Е-тин иск­восу эллада сүрөт өнөрүнүн ж-а арх-расынын ажырагыс бөлүгү катары кирет. Е-те 7-к-дан жаӊы мад-т калыптанат. Байыркы падышалык мезгилде (б. з. ч. 3-миӊ жылдык) сакталып кал­ган ырчылар м-н аспапчылардын сүрөттөрү тар­тылган барельеф Е-те музыка чоӊ мааниге ээ экен­дигин далилдейт. Б. з. ч. 4-миӊ жылдыкка чейин эле Е-те хейрономия өнөрү болгон. Е-тин муз. ас­паптары: арфа, флейта, лира, лютня, барабан, систр ж. б. Е. музыкасынын жазма эстелик­тери сакталган эмес. Окумуштуулар муз. чыгар­малардын калдыктары копт элинин азыркы фольклорунда сакталып калган деп божомол­дошот.

Ад.: Перепелкин Ю. Я. История древнего Египта. М., 2001; Демидчик А. Е. Безымянная пирамида. Государственная доктрина древнеегипетской Гераклео­польской династии. СПб., 2005; Культура Древнего Египта. М., 1976.