ЕГИПЕТТИКТЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:50, 19 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕГИПЕТТИКТЕР – 1) Египет калкы; 2) улут, Еги­петтин негизги калкы (египеттик арабдар). Араб өлкөлөрүндө, Ирак, Судан, Ливия, Сауд Арабия­сы, Бириккен Араб Эмирликтери, Германия, Австралия, АКШда да жашашат. Саны 62 млн киши, а. и. Еги­петте 58,5 млндой (2007). Араб ти­линде сүйлөшөт. Негизинен мусул­ма н-с у нни т т е р. Этностук өзөгүн копттор түзгөн. 7- к -да Е ги пет т и арабдар бас ып

алып, жерг. копт, берберлер м-н ара­лашкан. Негизги кесиби – дыйканчылык, мал чарбачылык. Карапа, темир, жыгач, тери (кро­кодил териси) иштетүү, зергерчилик өнүккөн. Е. мад-ты б-ча арабдарга жакын. Шаардыктар кыш­тан ж-а таштан салынган жер ортолук деӊиз ти­биндеги эки кабат, кедейлери дубалы топурак­тан согулган үйлөрдө жашашкан. Эркектер ке­нен ыштан, жеӊдүү ак көйнөк, кышкысын су­дейри (жамынуучу жеӊсиз сырт кийим), куфтан (жеӊдүү узун чапан), башына топу кийип же сел­де оронушат. Аялдар кенен ыштан, кофта же жеӊдүү кенен кара көйнөк кийип, белине кез­деме белбоо курчанып, шалы жоолук жамы­нышат.

Ад.: Васильев А. М. Египет и египтяне. 2-е изд. М., 2000.