ЕРКИМБАЕВА
ЕРКИМБАЕВА Офелия (1. 10. 1937-ж. т.‚ Фрунзе) – театр режиссёру‚ драматург‚ КРдин мадтына эмг. сиӊ. ишмер (2003)‚ КРдин эл арт. (2008). Ленинграддагы А. Я. Ваганова атн. хореогр. окуу жайында окуган

(1947–53). 1954–55-ж. Кыргыз опера ж-а балет театрында балет артисти. 1957-ж. М. Күрөӊкөев атн. муз. окуу жайын, 1962-ж. ГИТИCтин актёрлук ф-тин бүтүрүп‚ Кыргыз телекөрсөтүүсүндө режиссёрдун ассистенти‚ 1962–66-ж. Нарын муз.-драма театрында артист. 1970- ж. ГИТИCтин режиссёрдук ф-тин бүтүрүп‚ Кыргыз мамл. драма театрында артист‚ режиссёр-коюучу болгон. Театрда Г. Фигейредонун «Эзоп»‚ А. Островскийдин «Күнөөсүз күнөөлүүлөр»‚ Н. Гоголдун «Үйлөнүү»‚ Т. Абдымомуновдун «Малика»‚ К. Эшмамбетовдун «Эгиздер»‚ Лопе де Веганын «Бий мугалими» ж. б.‚ Н. К. Крупская атн. Орус драма театрында У. Шекспирдин «Азоого чалма»‚ «Король Лир»‚ К. Эшмамбетовдун «Cарынжи» ж. б.‚

М. Жангазиев атн. Куурчак театрында Г. Х. Андерсендин жомогу б-ча «Булбул» спектаклин‚ о. эле Башкыр акад. драма театрында‚ Тува мамл. муз.-драма театрында‚ «Кыргызтелефильмде» бир катар спектаклдерди койгон. Е. – «Жазылбаган барактар»‚ «Биздин үй-бүлө»‚ «Таштанды бала»‚ «Эмигранттар»‚ «Тагдыр» ж. б. пьесалардын автору. Орус классиктеринин бир катар чыгармаларын которгон. 2002-жылдан А. Малдыбаев атн. Кыргыз улуттук опера ж-а балет театрынын режиссёру.