ДИСПРОЗИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:39, 21 Апрель (Чын куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИСПРО́ЗИЙ (лат. Disprosium), Dy – элемент­тердин мезгилдик системасынын III тобунан орун алган химиялык элемент. Катар номери 66, атомдук массасы 162,50, массалык саны 147Dу – 1677Dу болгон 21 изотобу бар. Жаратылышта массалык саны 156–164 болгон изотобу кездешет. Жер кыртышында 4,5 . 10–4%ти түзөт. Лекок де Буабодран 1886-жылы оксид түрүндө алган. Ал – күмүш түстүү ак ме­талл; балкып эрүү t – 1407°С; кайноо t – 2600°С; би­рикмелеринде +3 окистенүү даражасын көрсөтөт. Диспрозий магниттик куймалардын, атайын жасалган айнектердин курамына кошулат. Металлдар­ды легирлөөдө, радиоэлектроникада, химия өнөр жайында катализатор катары, ошондой эле медицинада тери ооруларын дарылоодо да колдонулат.