ДИССИПАЦИЯ СИСТЕМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:45, 21 Апрель (Чын куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИССИПА́ЦИЯ СИСТЕМАСЫ – багытталган процесстеги энергия багытталбаган процесстин энергиясына айланган динамикалык система. Механикалык диссипация системасында толук энергия (кинетикалык ж-а потенциалдык энергиялардын суммасы) энергия­нын башка түрүнө (мисалы, жылуулукка) өтүп, энергиясы азаят. Бул процесс механикалык энергиянын диссипациясы (чачырашы) деп аталат. Диссипация системасынын кыймылы акырындоочу, басаңдоочу, ошондой эле ыл­дамдоочу кыймыл болот. Беттешкен катуу нер­селердин кыймылына каршы аракет эткен суюк же кургак сүрүлүү күчү, чыңалуусу деформация­нын ылдамдыгына көз каранды болгон илээш­кек чөйрө диссипация системасына мисал болот.