ДОЛБАЕВ Асанбек
ДОЛБАЕВ Асанбек (1928–1992, Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары) Нарын облусу, Кочкор районуну, Ак-Кыя айылы) – жумушчу, Социалисттик Эмгектин

Баатыры (1974). 1951-жылдан Нарын мал даярдоо пунктунда мал даярдоочу, 1953- жылдан Балыкчы эт комбинатынын аппаратчысы, цех бригадири болуп иштеген. Бир нече жыл өндүрүштүк тапшырмасын 125–130%ке аткарган. Ленин, Эмгек Кызыл туу ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.