ЕВРЕЙЛЕР
ЕВРЕЙЛЕР (өздөрүн йегудим, идн деп аташат) – эл, Израилдин негизги калкы. АКШ, Франция, Россия, Украина, Улуу Британия, Аргентина, Канада, Бразилия, Беларуссия, Венгрия, Бельгия, Италия, Нидерланд, Германия, Молдавия, Иран, Мексика, Австралия, Швейцария, Румыния, Индия, Түркия, Уругвай, Чили, ТАРда да жашашат. Жалпы саны 13,3 млн киши, анын ичинде Израилде 5,4 млндой (2006). Еврейлер иврит, идиш, ошондой эле жашаган аймактагы жергиликтүү калктын тилинде сүйлөшөт. Негизинен иудаисттер. Еврейлер диаспорада ашкеназ ж-а сефард болуп бөлүнүп, 2-дүйнөлүк согуш алдында ашкеназдар калктын 90%ин түзгөн. Еврей этносу б. з. ч. 2- миӊ жылдыкта Ханаан (азыркы Израиль) аймагында калыптанган. Б. з. ч. 1-миӊ жылдыкта байыркы еврей мамлекеттери – Израиль ж-а Иудея падышалыктарын Ассирия (б. з. ч. 722-жыл) ж-а Вавилония (б. з. ч. 586-жыл) багындырган соӊ, Еврейлер дүйнө жүзүнө жер которуп, тарап кеткен. Еврейлердин бир бөлүгү Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка ж-а Түштүк Европа, анын ичинде байыркы түрк мамлекети Хазар кагандыгынын аймактарына отурукташкан. Орто кылымдарда Еврейлер Европа м-н Азия аймактарына көчүп келип, жергиликтүү калктар м-н аралашса да, өздөрүнүн динин, маданий-тиричиликтик өзгөчөлүктөрүн сактап калган. 2-дүйнөлүк согуш убагында гитлерчилердин Еврейлерди кырып-жоюуга багытталган саясатынын негизинде 6 млн чамалуу Еврейлер набыт болгон. Согуштан кийин европалык Еврейлердин көпчүлүгү АКШ ж. б. өлкөлөргө кетүүгө мажбурланган. 1948-жылы БУУнун Генералдык Ассамблеясынын чечими боюнча Израиль еврей мамлекети түзүлгөн. Шаар жериндеги Еврейлер дубал м-н курчалган кварталдарда (гетто, жудерия, меллах, махалля) жашашкан. Еврейлердин синагогия ибадатканасы, ырым-жырым мончосу (миква) болгон. Эркектер туника типтүү көйнөк, кара шым, дуба окууга ылайык саймаланган костюм (талит, талес, арбаканфес), узун чапан, каф-

тан (лапсердак), башына атайын баш кийим (кипа, ермолка) кийип, маӊдайына бир тутам чач өстүрүп, сакал коюшат. Аялдар башына кепчач киет. Тамак-ашы – негизинен ун, балык, куш эти. Еврейлер 19-кылымдын 2-жарымында, өзгөчө Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Кыргызстанга көчүп келе баштаган. Учурда өлкөбүздө 1,5 миӊ еврей жашап, ар кайсы тармакта эмгектенет. 1990-жылы Кыргызстан Еврей маданият коому – «Менора» (демилгечи Эсфирь Серебро, 1996-жылдан төрагасы Б. М. Шапиро) түзүлгөн. Еврей мектептери, «Хэсэд Тиква» фонду, синагогия коому иштеп, «Мааян» гезити чыгарылат.