ДРУЖЕНКОВ Георгий Иванович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:53, 21 Апрель (Чын куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) (Dilde moved page ДРУЖЕНКОВ Григорий Иванович to ДРУЖЕНКОВ Георгий Иванович) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДРУ́ЖЕНКОВ Георгий Иванович (1918, Киров облусу, Перескоки айылы – 1981, Фрунзе) – айыл чарба ишмери, айыл чарба илимдеринин кандидаты (1966), Кыр­гыз ССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1974). 1962-жылы К. И. Скрябин атындагы КАЧИни бүткөн. 1946–50-жылдарда Чыгыш Казакстан облусунда зоотехник, 1950-жылы Кыргыз ССРинин совхоздор министрлигинде, Кыргызстан КП БКнын аппаратында, Кочкор райондук комитетинде секретарь болуп иштеген. 1963–81-жылдарда мал чарбасы боюнча Кыргызстан ИИИде улук илимий кыз­маткер, бөлүм башчысы. Тянь-Шань коюн чы­гаргандардын бири. Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, 1–2-даражадагы Ата Мекендик согуш ор­дендери м-н сыйланган.