ЕЛЕНИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:57, 21 Апрель (Чын куран) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕЛЕ́НИН Николай Николаевич (1892, Москва – 1944, ошол эле жер) – ырчы, режиссёр, кыргыз профессионал театр искусствосуна негиз салгандар­дын бири. Одесса университетинин филология факультетин бү­түргөн, Миланда окуган. 1926-жылга чейин Таш­кентте музыкалык театрларда ырчы жана режиссёр ка­тары иштеген. 1926-жылы Фрунзеге келип, кыргыз музыкалык драма студиясын уюштурган, ага башчы жана көркөм жетекчи болгон. «Молдо Насирдин» комедиясын койгон (1927). Еленин кыргыздын элдик музыкасын жана ырларын жыйнаган. Ал кыргыз искусство кадрларын даярдоодо көп эмгек сиӊирген.