ЕВРОВАЛЮТА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:09, 21 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕВРОВАЛЮ́ТА (англ. еurocurrency) – европа өлкөлөрүнүн биринде жайгашкан‚ бирок ал өлкөнүн улуттук валютасы болуп эсептел­беген валюта. Мисалы‚ Швейцария банкында депонирленген доллар евродоллар; Германияда депонирленген иен евроиен деп аталат ж. б. Евровалюта кредиттерди ж-а карыздарды берүүдө пайда­ланылат; Евровалюта рыногуна көбүнчө эл аралык соода­ны финансылоо ж-а чет өлкөлүк инвестиция­лар үчүн өтүмдүү каражаттардын арзан ж-а ыӊгайлуу түрүн алууга мүмкүнчүлүк берет. Негиз­ги карыздакорлор ж-а кредиторлор коммерция­лык банктар‚ ири компаниялар ж-а борбордук банктар болуп саналат. Депозиттер ж-а ссу­далар көбүнчө кыска мөөнөттүү болот.