ДРОЗОФИЛА
ДРОЗОФИ́ЛА (Drosophila) – жемишчи чымындар тукумунун уруусу. Дене узундугу 3,5 ммге чейин. Бүт жер жүзүндө 1 миңдей, КМШ өлкөлөрүндө 25 түрү бар, бардык жерде, айрыкча тропикте кеңири тараган. Көбүнчө мөмө, жемиш, жашылча сакталуучу жайларда кездешет. Личинкасы өсүмдүктөрдүн калдыктарында өөрчүйт. Америкалык илимпоз Т. Морган дрозофиланын лабораториялык шартта тез көбөйүп, айрым түрлөрү түпкү тегиндеги белгилерин даана сактай турганын аныктаган. Ошондон кийин дрозофила генетиканын объектисине айланган. Дрозофила м-н мутагенез процесси изилденип, эксперименттик биринчи мутация алынган.