ДУДУК КАЗДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:24, 21 Апрель (Чын куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУДУК КАЗДАР (Branta) – канаттуулардын өрдөк сымалдар тукумунун уруусу. Башы ки­чине, кыска тумшугу ж-а таманы кара. Анын 4 түрүнүн экөө КМШ өлкөлөрүндө кездешет. К а ­р а дудук каздардын салмагы 2 кгга жакын. Алар Сибир­де (Ямалдан Чукоткага чейин), Түндүк Америкада (Аляскадан Гренландияга чейин) уялайт. А к ж а а к дудук каздар Жаңы Жер­дин түштүк аралдарын, Шпицбергенди, Гренлан­диянын чыгыш бөлүгүн мекендейт. К а н а д а дудук казынын салмагы 1,5–8 кг,

Дудук каздар: 1 – эркеги; 2 – ургаачысы.

Түнд\к-Батыш Америкада жашайт. К ы з ы л­ т ө ш дудук каздар Обь дарыясынан Хатангага чейин тарал­ган. Көбүнчө суу өсүмдүктөрү м-н азыктанат. Алардын 1 түрү ж-а 1 түрчөсү ТКЭСтин кызыл китебине катталган.