ДЫҢ ЖЕР
ДЫҢ ЖЕР – табигый өсүмдүктөр өсүп, мурда айдалбаган аймак. Дың жердин негизги өзгөчөлүгү өсүмдүк калдыктарынан пайда болгон чиринди көп; топурак катмарларында өсүмдүктүн азыктануусуна зарыл гумус, азот ж. б. элементтер арбын; топурак нык; топурактын үстүнкү катмарында микроорганизм тез өөрчүбөйт. Дың жерге эгилген өсүмдүктү отоо чөп анча баспайт. Дың жердин негизги типтери: 1) талаа дың жери, ал кара ж-а коңур топурактуу аймактардан орун алган. Мындай жерлер Казакстанда, Алтай крайында, Кавказда бар. 2) Түштүк талаа ж-а жарым чөл дың жери; Борбордук ж-а Түштүк Казакстан, Орто Азия республикалары, Азербайжан ж-а Армениянын айрым райондорунда кездешет. 3) Жайылма дың жери; дарыянын суу жайпап кеткен жеринде орун алган. 4) Саздак, чым көңдүү дың жер; РФтин Европа тилкеси, Сибирь ж-а Ыраакы Чыгыш аймактарында, Белорусия, Грузия, Украинада бар. Майда бадал өсүп, кээде жайыт үчүн пайдаланылган жерлер да дың жерге кирет. Чарбанын муктаждыгына жараша өздөштүрүлөт.