ДҮЙШЕМБИЕВ Нурдин

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:35, 21 Апрель (Чын куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮЙШЕМБИЕВ Нурдин (10.8.1946-жылы туулган, Нарын облусу, Кочкор району, Кум-Дөбө айылы) – айыл чарба илимдеринин доктору (2007), профессор (2008). КАЧИни бү­түргөн (1974). 1974-жылдан КАЧИнин окуу-таж­рыйба чарбасында агроном, тажрыйба талаа­сынын башчысы, окутуучу, доцент, декандын орун басары, кафедра башчысы, агрономия факультетинин деканы, агрохимия кафедрасында про­фессор. КРдин элге билим берүүсүнүн отлични­ги. Эмгектери жер семирткичтерди ырааттуу пайдаланууга, топурактын асылдуулугун арт­тырууга ж-а айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жо­горулатууга арналган. Анын 90го жакын илимий эмгектери, анын ичинде 3 монографиясы, 1 окуу кура­лы жарык көргөн.

Эмг.: Оптимизация системы удобрения культур свекловичных севооборотов в Кыргызстане. Б., 2002; Агрохимические основы высокой продуктивности озимой пшеницы (в соавторстве). Б., 2003; Научные основы системы удобрения культур свекловичных севооборотов Кыргызстана (соавторстве). – Б., 2003.