ЕВРЕЙ ЖАЗУУСУ
ЕВРЕ́Й ЖАЗУУСУ – иврит, идиш, ладино ж. б. тилдерде сүйлөөчү байыркы жана азыркы еврейлердин жазуусу. Эӊ байыркы Еврей жазуусу (Гезер календары) биздин заманга чейин 10-кылымда ханааней алфавитинде (финикий алфавитине жакын) түзүлгөн. Биздин заманга чейин 5-кылымдын ортосунан баштап арамей алфавитине өтө баштаган. Бул алфавит бир аз өзгөрүүлөр менен азыр да колдонулат. Орто кылымда чарчы жазуусу пайда болгон. Аларда үнсүз тыбыштарды белгилеген 22 тамга бар. Үндүүлөр белгиленген эмес. Кийинчерээк үнсүз тамгалар – «h», «w», «i» кээ бир үндүүлөрдү туюнткан. Ал эми 7–8-кылымдарда үндүүлөр үчүн атайын диакритика белгилери киргизилип, алар Тооратта (Библияда), поэтикалык тексттерде, окуу китептеринде ж. б. колдонулган. Жазуу оӊдон солго карай жазылат.
Ад.: Дирингер Д. Алфавит / Пер. с англ. М., 1963.