ЕВРОПА ПАРЛАМЕНТИ (ЕВРОПАРЛАМЕНТ)
ЕВРО́ПА ПАРЛАМЕНТИ (ЕВРОПАРЛАМЕНТ) – Европа Союзунун (ЕС) өкүлдүк органы. ЕСке кирген өкүлдөр өлкөлөрдүн шайлоочулары тарабынан жалпы тике шайлоо м-н 5 жылдык мөөнөткө ал мамлекеттердин калкынын санына жараша (жалпы 732 депутат) шайланат. Европа парламенти ЕСтин бюджетин бекитет, эл аралык келишимдерди ратификациялайт, консультациялык ж. б. функцияларды аткарат. Европа парламентинин кезектеги сессиялары Страсбург шаарында (Франция), чукул чакырылган сессиялары Брюссель (Бельгия) шаарында өткөрүлөт. Генералдык секретариаты Люксембургда, штаб-квартирасы Страсбург шаарында жайгашкан.