ЕВРОПА СОВЕТИ
ЕВРО́ПА СОВЕТИ – Европа Союзунун (ЕС) жетекчилигинин жогорку саясий органы. Европа советинин Уставы 1949-жылы түзүлгөн. Совет ЕСтин өнүгүү программасын ж-а стратегиясын аныктап, маанилүү чечимдерди кабыл алат. Европа советине мамлекет же өкмөт башчылары, ошондой эле Европа комиссиясынын төрагасы кирет. Европа советинин иштерине тышкы иштер министрлери да катышат. ЕСтин органы катары Европа совети расмий түрдө 1986-ж. билдирилген. Европа советин төрагалык кылуучу мамлекеттин башчысы жетектейт (бир мамлекет 6 айлык мөөнөткө төрагалык кылат). Конференциялар, отурумдар, жолугушуулар ошол мамлекеттин аймагында өткөрүлөт. Европа парламентинин заседаниесинде Европа советинин иш программасын белгилейт. Жалпы эреже боюнча Европа советинин чечимдери консенсус аркылуу кабыл алынат. Европа совети кабыл алган чечимдер – бул саясий директивалар. Алардын негизинде ЕСтин институттары тийиштүү укуктук чечимдерди кабыл алат. Мисалы, бирдиктүү европалык валютаны киргизүү маселеси адегенде Европа советинин отурумдарында кеӊири талкууланган. Кабыл алынган чечим жөнүндө маалымат ар бир сессия бүткөндөн кийин коммюнике түрүндө билдирилет.