ЕГИПЕТ ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:12, 22 Апрель (Чын куран) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕГИ́ПЕТ ТИЛИ – байыркы египеттиктердин тили. Биздин замандын 5-кылымынан сүйлөнбөй калган (өлүү тил). Семит-хамит тил уясына кирет. Байыркы, орто, жаӊы жана кийинки Египет тили деп бөлүнөт. Байыркы Египет тили (б. з. ч. 3-миӊ жылдык) – архаикалык байыркы падышалык жазуу эстеликтеринин тили. Орто Египет тили (б. з. ч. 22–16-к.) адабий тилге калыптанып, көркөм чыгармалар жазылган; морфологиялык, синтаксистик, орфографиялык туруктуу фор­мага ээ болгон. Биздин заманга чейинки 16–8-кылымды камтыган жаӊы Египет тилинде иш кагаздары, расмий документ­тер, көркөм чыгармалар жазылып, классика­лык тил деп аталган да, ошол кездеги өнүккөн тилге айланган: этиштин жакталышы жардам­чы этиштер аркылуу берилип, артикль пайда болгон, сөз аягында тыбыштын түшүрүлүп ай­тылышы фонетикасын кыйла өзгөрткөн. Биздин заманга чейинки 8 – биздин замандын 5-кылымынан кийинки Египет тили туура келет. Бул мезгилде тексттер элдик оозеки сөз (речь) аркы­луу жазылган. Египет тилиндеги өнүгүүнүн акыркы баскычы – Египеттин христиандашкан эли сүйлөгөн – копт тили. Бул тил биздин замандын 3–4-кылымында пайда болуп, 17-кылымга чейин (араб тили сүрүп чы­гарганга чейин) колдонулган. Египет тили толук изил­дене элек. Анын фонетикасын изилдөө өтө та­таал, анткени үндүү тыбыштар жазууда өзүнчө тамга менен туюнтулбаган.

Ад.: Петровский Н. С. Египетский язык. Л., 1958; Коростовцев М. Египетский язык. М., 1961.