ЕВРОРЫНОК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:05, 23 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕВРОРЫНОК (англ. Euromarket) – операцияла­ры евровалюталарда ишке ашырылуучу ссуда капиталдарынын эл аралык рыногу. Батыш Ев­ропада 1950-жылдарда пайда болгон. Еврорынок финан­сылык глобалдаштыруунун бир түрү болуп сана­лат. Еврорыноктун катышуучулары: карыздакорлор – көбүнчө ар түрдүү өлкөлөргө капитал салууну финансылоо үчүн кредитке муктаж улуттар ара­лык монополиялар‚ ошондой эле тартыш төлөм балан­сына ээ мамлекеттер; эл аралык кредит опера­цияларын чет өлкөлүк валютада (евровалюта­да) ишке ашыруучу кредиторлор – менчик ком­мерциялык банктар. Еврорынок бир нече секторду кам­тыйт: евровалюта рыногу (кыска мөөнөттүү – бир жылга чейин – банктар аралык депозит­тер)‚ еврокредиттер рыногу (кредиттик макул­дашуу м-н жазылуучу 2–10 жылга орто мөөнөт­түү ссудалар)‚ еврофинансы рыногу (орто ж-а узак мөөнөттүү карыздар‚ 10дон 15 жылга че­йин). Еврорыноктун экономикага таасири кош мүнөздө болот. Бир тараптан‚ ал мамлекеттер аралык масштабдарда микрочарбалык байланыштарды‚ өндүрүштүк концентрацияны ж-а капиталды борборлоштурууну өнүктүрөт. Экинчи жагынан‚ Еврорынок өлкөгө чет өлкөлүк капиталдын өтө агып киришин‚ тескерисинче, улуттук валютанын чет өлкөгө агып чыгышын токтотуу үчүн өкмөттү мезгили м-н валюталык ж-а кредиттик чек­төөлөрдү киргизүүгө мажбурлоо м-н, айрым өл­көлөрдүн улуттук акча-кредит системасына де­зорганизациялоочу таасир көрсөтөт.