ЕГИПЕТ ТААНУУ
ЕГИ́ПЕТ ТААНУУ , е г и п т о л о г и я – Байыркы Египеттин археологиялык эстеликтерин, архитектурасын, маданиятын, жазуусун ж-а тилин изилдөөчү комплекстүү илим; чыгыш таануунун бир тармагы. Египет таанууга франциялык илимпоз Ф. Шампольон негиз салган. Ал египет иероглиф жазууларын чечмелөө боюнча изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы тууралуу Париж академиясында билдирүү жасаган 1822-жыл 27-сентябрь Египет таануу илими жаралган күн деп эсептелет. Ф. Шампольон Розетта ташы ж. б. эстеликтердеги жазууларды иликтеп, египет жазуусун окуунун ачкычын тапкан, кийин египет тилинин 1-сөздүгүн ж-а грамматикасын түзгөн. 1828–30-жылдарда Шампольон Египет экспедициясына башчылык кылган, көптөгөн эстеликтерди жыйнап, аларды илимий жактан сыпаттап жазган. Шампольондун ишин улантышкан И. Розеллини (Италия), К. Р. Лепсиус, Г. Бругш, Г. Эберс (Германия), Э. Де Руже, Ф. Шабанын (Франция) Байыркы Египеттин тили, жазуусу ж-а тарыхы боюнча изилдөөлөрү бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жогото элек. 1851-жылдан Египетте археологиялык эстеликтерди изилдөө иштери системалуу жүргүзүлүп келет. 19-кылымдын 90-жылдарында А. Эрман Египет таануунун Берлин мектебин негиздеген. 19-кылымда Россияда Египет таануу боюнча алгачкы изилдөөлөр пайда болгон. Декабрист Г. С. Батеньков 1824-жылы Шампольондун «Иероглиф системасынын очерки» эмгегин кыскача баяндап чыккан. 1827-жылы 10-январда Шампольон Императордук ИАнын ардактуу мүчөсү болуп шайланган.
1826-жылы Императордук ИА Миландан байыркы Египетке тиешелүү көп коллекция алган, ал 1862-жылы Эрмитажга өткөрүлүп берилген. 19-кылымдын акырында орус египет таануучусу В. С. Голенищев Египетке бир нече жолу экспедицияга барып, байыркы эстеликтерди жыйнаган, жазууларды көчүрүп алган. Ошонун натыйжасында Москвадагы А. С. Пушкин атындагы сүрөт музейи жаӊы коллекциялар м-н толукталган. 1887-жылы орус египет таануучусу О. Э. Лемм Петербург университетинде Египет таануу илими боюнча курс ачкан. Ал курсту 1896-жылдан Байыркы Египеттин тарыхы ж-а адабияты боюнча эмгектердин автору Б. А. Тураев алып барган. 20-кылымдын 20-жылдарында Г. Грапов, Г. Кеес, Э. Отто, В. Хельк (Германия), А. Гардинер, Б. Ганн, Э. Пит (Улуу Британия), П. Лако, Г. Лефевр, Э. Дриотон (Франция), Г. Юнкер (Австрия), С. Донадони (Италия), Д. Уилсон, Р. Паркер, Р. Каминос (АКШ), Ж. Вергот, Ж. Капар (Бельгия) ж. б. окумуштуулар тарабынан Египет таануу илими улантылган. Асуан плотинасын куруу учурунда анын аймагында жайгашкан тарыхый эстеликтерди сактап калуу максатында ЮНЕСКОго караштуу атайын эл аралык комитет түзүлүп, Египетке ж-а Суданга бир катар өлкөлөрдөн археологиялык экспедициялар уюштурулган. Советтик египет таануучулар Батыш Европанын жакшы салттарын өрчүткөн. Байыркы Египеттин социалдык-экономикалык мамилелерин советтик окумуштуулар, асыресе В. В. Струве кеӊ-кесири изилдеген. Дүйнөдөгү Египет таануунун ири борборлору болуп – Берлин, Бонн, Париж, Лондон, Москва, Санкт-Петербург, Оксфорд, Чикаго, Бостон, Милан, Женева, Вена, Прага, Каир шаарлары саналат. Каирдеги Египет музейи – дүйнөдөгү байыркы египеттин эстеликтери сакталган эӊ ири музей. Египетте өкмөттүн уруксаты м-н бир катар өлкөлөрдүн (АКШ, Улуу Британия, Бельгия, Италия, Германия, Нидерланд, Польша, Франция) туруктуу ИИИлери, мекемелери иш жүргүзүп келет.
Ад.: История отечественного востоковедения до середины XIX в. М., 1990.