ЕДИГЕЙ
ЕДИГЕ́Й , И д и г у (1352, кээ бир даректерде 1360–1419/23) – маӊгыт уруусунан чыккан Ак Ордо эмирлеринин бири. «Мунтахаб ат-тауарихи Муиниди» деген эмгекте Токтомуш хандын колунан каза болгон Балтычак Едигейдин атасы экени айтылат. 1396-жылдан Едил (Волга), Жайык (Урал) суулары аралыгында өз алдынча бийлик жүргүзүүгө жетишкен. Едигей негиз салган Ногой Ордосу анын уулу Нураддиндин (1426–40-жылдары башкарган) тушунда толук калыптанган. Кутлук-Темир м-н бирге Токтомуш ханга каршы согуш жүргүзүп, ал өлгөндөн кийин (1399) иш жүзүндө Алтын Ордодогу бийликти өз колуна алып, мурдагы Жучу улусуна караган аймакты акыркы жолу бириктирген Едигей болгон. 1406-жылы Батыш Сибирде Токтомушту өлтүрүп, 1407-жылы Булгар хандыгына жүрүш уюштурган. Алтын Ордого кайрадан салык төлөтүү үчүн орустарга аттанып барып (1408), Серпухов, Дмитров, Ростов ж. б. шаарларды талкалап, Москваны курчоого алган, бирок багындыра албай кайткан. Алтын Ордодо башталган так талашуулардын натыйжасында 1410–12-жылы Хорезмге качууга аргасыз болгон. Бирок ал жактагы Герат ханы Шахрук тарабынан куулуп чыгып (1414), Сарайчук шаарына жакын жерде Токтомуштун уулдары колдуу өлгөн. Түрк тилинде сүйлөгөн элдер (ногой, башкыр, татар, кара калпак) айткан «Едигей» эпосунун башкы каарманы. Кыргыз фольклорунда да көп кезигет.
Ад.: Жирмунский В. М. Тюркский георический эпос. Избр. труды. Л., 1974; Трепавлов В. В. История Ногайской Орды. М., 2001; Селезнев Ю. В. Политик и полководец Золотой Орды Эмир Идигу (Едигей). Воронеж, 2001.