ЕДРЕНКИН
ЕДРЕ́НКИН Иван Иванович (1890–1948) – Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу үчүн күрөшкө катышкандардан; Кызыл-Кыяда алгачкы большевиктер тобунун уюштуруучусу (1918). 1905-жылы Москвада революциялык иштерге катышкан. 1906-жылы Петербургда саясий адабияттарды тараткандыгы үчүн камалган. 1909-жылдан Шураб (Тажикстан), Таш-Көмүр, Кызыл-Кыя шахталарында иштеген. 1917-жылдан Кызыл-Кыя жумушчу депутаттар советинин төрагасы, 1920-жылдан чарба кызматтарында эмгектенген.