ЕКАТЕРИНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:54, 25 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕКАТЕРИ́НА II Алексеевна [21.4 (2.5).1729, Штеттин шаары – 6 (17).11.1796, Царское Село (азыркы Пушкин шаары)] – Россия императору (1762–96). Немис принцессасы, өз аты Софья Фре­дерика Августа Анхальт-Цербстская. 1744-жылы Россияга келип, Екатерина Алексеевна аталган. 1745-жылы император Пётр IIIгө турмушка чыккан. 1762-жылы 28-июнда бир тууган Орловдордун же­текчилигинде гвардияга таянуу м-н сарай төӊкө­рүшүн уюштуруп, күйөөсүнүн ордуна бийликке келген. Өз заманынын алдыӊкы ойчулдары – Дидро ж-а Вольтер м-н кат алышып турган ж-а алардын философиясына ылайык башкарууну каалаган. 1775-жылы губерниялык башкаруу боюнча реформа жүргүзүп, жер-жердеги бюрократиялык аппараттарды бекемдеген. 1785-жылы жарыялан­ган «Дворяндардын сый грамотасы» сыяктуу ча­ралары дворяндар өкмөтүнүн бийлигин чыӊда­ган. Крепостнойлук укуктун андан ары бекем­делишинен келип чыккан Е. И. Пугачёв баш­таган дыйкандар согушун (1773–75) аёосуз бас­кан. Екатерина IIнин тушундагы Түркия м-н болгон со­гуштардын жыйынтыгында Россия флоту Кара деӊизге чыгууга мүмкүнчүлүк алган, Түндүк Кара деӊиз бою, Крым, Кубань каратылган. 1783-жылы
Чыгыш Грузияда Россия протектораты орногон. Екатерина II Речь Посполитаны (Польшаны) үч жолу (1772, 1793, 1795) бөлүүгө катышып, Батыш Ук­раина ж-а Беларуссиянын көп жери, Литва Россияга өткөн. 1786-жылы 15-мартта Петербург шаарында Екатерина II Абдырахман Кучак уулу жетектеген кыргыз элчилигин кабыл алган. Алар импера­торго Атаке бийдин атынан жазылган катты ж-а баалуу белектерди тапшырышкан. Катта кыргыз бийи орус император айымды урматтай

Екатерина II. Д. Г. Левицкий тарткан портрет. 1783. Третьяков галереясы. Москва.


турганы, кыргыз жери аркылуу орус кербенде­ринин эркин өтүшүнө, алардын коопсуздугун коргоого кепил болору айтылган. Екатерина II жооп ка­тары Атакеге 800 рубль күмүш акча белек бе­рип жиберген.

Ад.: Тарле Е. В. Екатерина Вторая и её дипломатия. Ч. 1–2. М., 1945; Мадарнага И. Екатерина Великая и её эпоха. М., 2006.