ЕЛИЗАВЕТА II
ЕЛИЗАВЕ́ТА II, Елизавета Александра Мария (21. 4. 1926-жылы туулган, Лондон -- 8. 9. 2022, Абердиншер) – Улуу Британия ж-а Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун королевасы (Виндзор династиясынан). Мамлекеттик англикан чиркөөсүнүн башчысы. Гуманитардык билим алып, экинчи дүйнөлүк согушта 3 жумалык аскер курсун бүтүргөн. 18 жашында мамлекеттик кеӊешчи болуп дайындалып, атасы Георг VI дүйнөдөн кайткан соӊ такка отурган (6. 2. 1952). Филипп Эдинбургга күйөөгө чыгып (1947), принцтер Чарльз (1948), Эндрю (1960), Эдвард (1964), принцесса Аннаны (1950) төрөгөн. Улуу Британиянын конституциясы боюнча Елизавета II мамлекет башчысы болуп эсептелип, формалдуу түрдө согуш жарыялоо, тынчтык келишимин түзүү, парламентти чакыруу, таратуу, жогорку мамлекеттик кызматка татыктуу кишилерди дайындоо укугуна ээ. Маанилүү маселелер боюнча Елизавета II жума сайын премьер-министр м-н жолугуп, кеӊешип, өз ой-пикирин айтып турат. Елизавета II – дүйнөдө эӊ бай адамдардын бири. 1993-жылдан ыктыярдуу түрдө салык төлөй баштаган.


Ад.: Попов В. И. Жизнь в Букингэмском дворце: Елизавета II и королевская семья. 2-е изд. М., 1996; Остапенко Г. С. Британская монархия от королевы
Виктории до Елизаветы II. Концепция управления и личность суверена. М., 2006.