ЕЛИСЕЕВ Алексей Станиславович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:24, 25 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕЛИСЕЕВ Алексей Станиславович (13. 7. 1934-жылы туулган, РФ, Калуга облусу, Жиздра шаары) – СССРдин учкуч-космонавты, эки жолку Советтер Союзунун Баа­тыры (1969, январь, октябрь). Техника илимдеринин док­тору (1973). 1957-жылы Н. Э. Бауман атындагы МТЖОЖду бүтүрүп, конструктордук бюродо иштеген. 1966-жылдан космонавттар отрядында. 1969-жылы 15–17-январда Б. В. Волынов башкарган «Союз- 5» космос кемесинде борт инженери болуп кос­моско учкан. 1969-жылы 16-январда Е. В. Хрунов м-н бирге космос аркылуу В. А. Шаталов баш­карган «Союз-4» космос кемесине өтүп, ошол кеме м-н жерге келишкен. Жерди 32 жолу айла­нып, 47 саатта космос мейкиндигинде 1,3 млн км аралыкка учкан. Кеменин сыртына чыгып, ачык космосто 37 мин болгон. 1969-жылы 13–18-октябрда В. А. Шаталов м-н бирге «Союз-8» космос кеме­синде борт инженери болуп, 2-жолу космоско учкан. Космосто болгон 5 сутканын 1 суткасын «Союз-7», 3 суткасын «Союз-6» ж-а «Союз-7» кеме­лери м-н биргелешип учуп, Жерди 80 жолу ай­ланган. 1971-жылы 23–24-апрелде В. А. Шаталов ж-а Н. Н. Рукавишников м-н бирге «Союз-10» кемесинин борт инженери болуп, космоско 3- жолу учкан. 1971-жылы 24-апрелде «Союз-10» ке­меси «Салют» орбиталык станциясына бири­гишкен. «Станция-кеме» системасынын ашта­шып учушу 5 с 30 минга созулган. Елисеев Эки Ле­нин ордени м-н сыйланган.