ЕЛЬЦИН
Е́ЛЬЦИН Борис Николаевич [1. 2. 1931, Урал (азыркы Свердлов) облусу, Талица району, Бутка

кыштагы – 23. 4. 2007, Москва] – россиялык партиялык ж-а мамлекеттик ишмер; РФтин алгачкы президенти [10. 7. 1991 (25. 12. 1991- жылга чейин РСФСРдин) – 31.12. 1999]. Урал политехникалык институтун бүтүргөн. 1968–76-жылдарда КПССтин Свердлов обкомунун курулуш бөлүмүнүн башчысы, секретары, 1976-жылдан 1-секретары, 1985–87-жылдарда Москва шааркомунун 1-секретары. М. С. Горбачёв жүргүзгөн реформаларга (к. Кайра куруу) каршы болгондугуна байланыштуу 1987-жылы ишинен алынып, СССРдин мамлекеттик курулуш министрлигинин төрагасынын орун басарлыгына дайындалган. 1989-жылы СССР, 1990-жылы РСФСР эл депутаты. 1990-жылы КПССтин 28-съездинде Компартиянын мүчөлүгүнөн баш тарткан. 1990– 91-жылдарда РСФСР Жогорку Советинин төрагасы, 1991–99-жылдарда РСФСРдин Президенти болуп иштеген. 1991-жылы августта өзгөчө абал боюнча мамлекеттик комитеттин (ГКЧП) ишмердүүлүгүнө каршы чыккан демократиялык күчтөрдү жетектеген (к. Август кризиси, 1991). Ельциндин демилгеси м-н РФтин демократиялык жаӊы конституциясы кабыл алынып (12. 12. 1993), Мамлекеттик Дума шайланган. 1994–96-жылдарда Россия м-н анын курамындагы Чечен Республикасынын ортосундагы согушка байланыштуу сынга алынган. Экономикалык реформаларды жүргүзүүдө кемчиликтерди кетирген. Ельциндин бааларды либералдаштыруу боюнча указы (2. 1. 1992) өлкөдөгү инфляцияны эӊ жогорку деӊгээлге жеткирген (гиперинфляция). Экономиканы көтөрүү үчүн Россия башка мамлекеттерден чоӊ кредиттерди алып, 1998-жылы Россиянын тышкы карызы 170 млрд долларды түзгөн. Ельцин 1991-жылы декабрда Украина ж-а Беларусиянын жетекчилери м-н бирдикте СССРди таркатып, КМШны түзүү жөнүндөгү Беловежа макулдашуусунун демилгечиси. АКШ президенти Ж. Буш м-н СНВ-1 (стратегиялык-чабуул коюучу куралданууну чектөө; 1991), СНВ-2 (1992), достук, кызматташуу ж-а бири бирине жардам көрсөтүү жөнүндө (1992), ошондой эле Ташкентте КМШнын 6 мамлекети м-н коллективдүү коопсуздук жөнүндө (1992), ЕС м-н кызматташуу жөнүндө (1994) келишимдерди түзгөн. 1999-жылы НАТОнун Югославиядагы агрессиясына каршы чыккан. 1996-жылы Россия АСЕАНдын толук укуктуу шериктеши болуп, 1997-жылы «Өнүккөн 7 мамлекет» уюмуна кирген. 1999-жылы ыктыярдуу түрдө президенттик кызматын В. В. Путинге өткөрүп берген. Ленин, 1-даражадагы «Ата Мекен алдында сиӊирген эмгеги үчүн» ж. б. ордендер м-н сыйланган. Кыргыз-Славян университетине ысмы ыйгарылып, Ысык-Көлдүн жээгине эстелиги тургузулган.