ЕЛҮЙ ДАШИ
ЕЛҮЙ ДАШИ (кыт. Чжундэ, 1087–1143) – Елүй Абаозцы тукумунун сегизинчи муундагы өкүлү, Жети-Суудагы Кара кытай (Кидан, кытайча Си Ляо) мамлекетин (1125–1212) негиздөөчү. Улуу Ляо чжурчжендер тарабынан талкаланып, бытырандыга учураганда Елүй Даши өзүнө жакын 200 чамалуу кишиси м-н алардан качып, Моӊголияга келген. Бул жерде курултай өткөрүп, аны жети аймактагы 18 уруу эл колдоп, гурхан болуп жарыяланган. Елүй Даши кашкарлык Арслан хан Ахметке каршы жүрүшкө чыгып (1128), Чыгыш Түркстанды өзүнө караткан. Жети-Сууну басып алуу үчүн биринчи жолку аракетин 1130-жылы жасаган (к. Кара Кытай мамлекети). Кара кытайлар (кидандар) адегенде уйгурлар жашаган жерлерди ээлеп (Алтайдын түштүгү), анан кыргыздардын жери (Кем-кемжикут) аркылуу батышка жылууга ниет кылышат, бирок кыргыз урууларынын катуу каршылыгынан улам 1132-жылы Турпан княздыгына кайтып келүүгө аргасыз болушкан. Ушул жерден башка жолго салып Эмил–Чөйчөк (Чугучак) аймагына жеткен, түрк урууларынан (40 миӊ чатыр) туткун алып, ал жерге Эмил шаарын негиздешкен. Андан Жети-Сууга кол салып, Караханиддердин борбору Баласагун шаарын басып алышат (1134). 1137-жылы кара кытайлар Мавераннахрды каратып, Самаркандга чейин жетишкен. Кавтан талаасындагы согушта (1141) селжуктардын султаны Санжар башында турган мусулмандарды катуу талкалашкан. Бирок, Елүй Даши бул жеӊишинен майнап чыгара албай, Жети-Сууга кайтып кеткен. Өз өлкөсүн 20 жылга жакын бийлеп, аны кубаттуу державага айландырууга жетишкен. Беш- Балыкка (Уйгур кагандыгынын борборлорунун бири) жакын жерде кара кытайлардын кыргыздарга жасаган жортуулу жөнүндө окуялар Жувейнинин «Тарих-и-жахангушай» («Дүйнөнү ээлеп алуу тарыхы») деген эмгегинде чагылдырылган.
Ад.: Пиков Г. Г. Западные киданы. Новосибирск, 1989.
Т. Жуманалиев.