ЕПИСКОП
ЕПИ́СКОП (гр. episkopos – кайтаруучу, байкоочу, күзөтүүчү) – православие, католик, англикандык чиркөөлөрдө жогорку дин төбөлү; чиркөөлүк-административдик бөлүктүн (епархиялар, диоцездер) башчысы. Епископтун иерархиялык бөлүнүшү (4-кылымдан баштап): патриархтар, митрополиттер (булардын айрымдары архиепископтор титулуна ээ болушат) ж-а Епископтордун өзү.