ЕРЕВАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 25 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕРЕВА́Н (1878–1936-жылдарда Эривань) – Армян Республикасы­нын борбор шаары. Өлкөнүн ири экономикалык, саясий ж-а маданий очогу. Арарат түздүгүнүн түндүк че­тинде, бир аз бөлүгү жанар тоолуу платодо, Раз­дан дарыясынын капчыгайында жайгашкан. Калкы 1,1 млн (2007). Ереванга жакын Звартноц эл аралык аэропорту жайгашкан. Метрополитен (1981). Ереван – дүйнөдөгү байыркы шаарлардын бири. 6-кылымдын башынан эскерилет. 782-жылы Урарту падышасы Аргишти I Эребуни чебин курдурат, кийинче­рээк бул жерде Ереван шаары пайда болот. 1440- жылдан Чыгыш Армениянын административдик ж-а соода ­кол өнөрчүлүк, 1604–1828-жылдарда Эриван хандыгы­нын борбору. 1826–28-жылдардагы орус-иран согу­шунда Ереванды орус аскерлери каратат да, Түрк­мөнчай келишими (1828) боюнча Россияга кошул­ган. Армения Республикасынын (1918–20), Армян ССРи­нин (1920–1990), Армян Республикасынын (1990-жыл­дан) борбору. Ереван – өлкөнүн индустриялуу ири борбору. Арменияда өндүрүлгөн өнөр жай продук­циясынын 50%ке жакыны чыгарылат. Ар түрдүү машина куруу, компьютерлер, радиотех­никалары ж-а өлчөөчү приборлор, химия ж-а нефть-химия, химиялык-фармацевтика, кара металлур­гия, жеӊил, тамак-аш, алюминий, курулуш материалдары, косметика каражаттарын чыга­руучу өнөр жай ишканалары иштейт. Тейлөө чөйрө­сүндө байланыш ж-а телекоммуникация секто­ру ж-а финансы-банк тармагы өнүккөн. Ереван – Арме­ниянын илимий, маданий ж-а билим берүү ири бор­бору. Армения ИА, бир нече университет, байыркы кол жазмалар институту, китепканалар, консерватория, 13 театр, 21 музей, филармония бар. Эсте­ликтери: «Егерн» (1915-жылдагы армян геноци­динин курмандыктарына), «Майр Айастан»

Еревандагы Аствацацин (Зоравор) чиркөөсү (1691– 1705).

(«Эне-Армения» монументи), «Ераблур» (Кара­бах согушунун баатырларына) ж. б. Урартунун, Эребуни ж-а Тейшебаини шаар-чептеринин уран­дылары, Авандагы Ыйык Ованес (13-кылым), крест­кумпалуу Катогике (13-кылым), Аствацацин Зоравор (1691–1705) чиркөөлөрү, кафедралуу собордун калдыктары (591–602), ак сарайлар (6-кылымдын аягы) ж. б. сакталган. Еревандын көпчүлүк турак­-жай курулуштары жергиликтүү кызгылтым туфтан курулгандыктан, «Кызыл шаар» деп да аталат. Ереванда А. Хачатурян атындагы музыкант-аткаруу­чулардын эл аралык конкурсу, «Жаз панора­масы» эл аралык фестивалы өткөрүлүп турат. Еревандан 20 км батышта Вагаршапат шаары, 24 км түндүктө Арзни курорту жайгашкан. Туризм өнүккөн.

Ад.: Азатян В. Ереван. 2-е изд. Ер. 1989; Ереван // Большая Российская энциклопедия. Т. 9. М., 2007.