ЕРЕНАК БЕК
ЕРЕНАК БЕК , Я р н а к, Я р а н а к, Е р е н я к – Сибирь кыргыздарынын башчысы (1660– 87-жылдар). Алтысар беги Ишей-Мергендин уулу, Номчи-бектин небереси. Улуу агасы Айкан Юрукту аманат туткун катары Москва шаарынан билим алып, Иван деген ат м-н чокундурулуп, кийин Красноярскиге келип, Еренак бекке каршы бир нече жолу аскердик жүрүш уюштурган. Еренак бек бытыранды болгон кыргыз улустарын ж-а кыштым аймактарын «Кыргыз өлкөсү», «Кыргыз жери» этностук-саясий бирикмесине айланткан. 20 жылдан ашуун Красноярск, Кузнецк, Томск, Енисей ж. б. орус кыштактарына коркунуч туудуруп турган. Анын бардык аракети Түштүк Сибирдеги «Кыргыз өлкөсүн» сактап турууга жумшалып, тышкы саясатында Жуӊгарияга ыктап, Россияга каршы болгон. Сеӊге-Тайша м-н Еренак бектин Красноярскиге жасаган чабуулу учурунда (1667) казак-орустардын 375 кишиден турган аскер бөлүгү оор жоготууга учураган Кыргыз жеринин ортосу болгон Абакан дарыясы Енисейге куйган жердеги Тагар аралындагы красноярдык казак-орустар салышкан чыӊдоону 1675-жылы курчоого алып, өрттөп жиберет. 17-кылымдын 2-жарымында Цин империясы моӊгол хандыктарын баш ийдирип, аларды жуӊгарларга (калмактарга) каршы тукурганда, Галдан Бошокту-хан 1687-жылы Кыргыз өлкөсүнөн жардамга аскер чакырат. Жардамга келген Еренак бек 600дөн ашуун адамы м-н Алтайдагы Чулушман дарыясынын жогорку агымына жакын моӊголдор койгон буктурмага туш келген. Беттешүү учурунда Еренак бек ж-а анын 300дөн ашуун жоокери м-н Алтыр улусунан 150 адам курман болот. 1688-жылы Алтай жүрүшүнө катышкан Кызылдын жасоолу Откул моӊголдор м-н беттешүүдөн кийин кыргыз жерине 30дай гана адам кайтып келгенин орус бийлигине билдирген.
Ад.: Жумагулов Ч. Эпиграфика Киргизии. Вып. 1. Ф. 1963; Бутанаев В. Я., Бутанаева И. И. Хакасский исторический фольклор. Абакан, 2001; Бутанаев В. Я., Худяков Ю. С. История енисейских кыргызов. Абакан, 2000; Бутанаев В. Я. Этническая культура хакасов. Абакан, 1998.
О. Каратаев.