ЕФРЕМОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕФРЕ́МОВ Филипп Сергеевич (1750–1811) – орус армиясынын унтер-офицери; кыргыздар жөнүндө орустарга алгач маалымдаган жер кезгич. Е. Пу­гачёвдун көтөрүлүшүн басууга жөнөтүлгөн. 1774-жылы анын кошууну пугачёвчулар тарабынан талкаланганда, Ефремов колго түшүп, Бухаранын баш­каруучусу Данияр бекке сатылат. Туткунда жүр­гөндө түрк, фарси тилдерин үйрөнүп, бухара ас­керинин курамында Самарканд, Мерв, Чаржоу, Хиванын алдында салгылашкан. Данияр бекке таандык туткундардын ар бир бешинчиси орус болгондуктан, Ефремовдун аскердик билимин ж-а шыгын баалап, гвардиясына жүз башы кылган. Бирок Ефремов өз жерине кайтуу оюнан эч качан жан­баган. Хивалыктар м-н согушта жеӊишти ка­барлоо үчүн аны Бухарага жөнөткөндө, катчы­га акча берип, Коконго өтүүгө мүмкүндүк берүүчү элчиликтин грамотасын алып, жол тоскондор­го өзүн соодагер деп көрсөтүп, туулган жерине карай узак сапарга аттанган. Россияга түз ка­чуудан кооптонуп, адегенде Алай тоолорун ашып Кашкарга, ал жерден Мекеге ажылыкка баратам деп, Тибет ж-а Гималайды басып, Ин­дияга жеткен. Ошентип, ал ошол учурдагы ка­зак талааларын, Кара-Кум, Кызыл-Кум чөлдө­рүн, Иранды, Бухараны, Кыргызстанды, Кашкарды, Тибетти басып өткөн бирин-экин европалыктар­дын бирөө болуп калган. 1774–82-жылдар аралыгын­дагы жер кезүүсүндө Ефремов жергиликтүү тилдерди үйрөнүп, адат-салттарды өздөштүргөн. Индиядан кеме м-н Англияга келип (1782), орус элчисинин жардамы аркылуу 1782-жылы 26-августта Санкт- Петербургга жеткен. Кийин ал фарси ж. б. азия тилдери боюнча тышкы иштер коллегиясына жу­мушка кирген. Ефремовдун жазган отчёту 1786-жылы «То­гуз жылга созулган сапар (1774–82)» деген ат м-н китеп болуп чыгып, россиялыктарга мурда белгисиз эл – кыргыздар ж-дө кабар жеткен. Кыргыздар м-н казактардын аталышында фо­нетикалык жактан айырма барын белгилеп, Россияда киргискайсактар деп аталган элди – казактар деп, ал эми кыргыздар өзүнчө эл экенин так көрсөтүп ж-а «кыргыздар Бухариянын өзүндө эмес, ага жанаша жайгашкан Ош шаары м-н Каш­кардын ортосунда жашап», алардын эч кимге көз каранды эместигин, жери Кокон м-н чекте­шип, ал жакка сатуу үчүн кой, мал, төөлөрдү айдап, бат-бат каттап турушарын белгилеген. Ефремов китебинин башында «Мен көргөн кордук, кыйынчылыктарым аркылуу өзүмдү даӊазала­гым келбейт. Көргөн, билгендеримди жазууга европалыктар билбеген жерлер, элдер бар экен­диги түрткү болду. Байыркы, жаӊы тарыхты окуп жатып, Кытай, Индия, Персия, Бухара, Хиванын аралыгында жашаган элдер жөнүндө эч нерсе билбейбиз», – деп жазган. Бул эмгек Ефремов тирүү кезинде эле 3 жолу басылган.

Ад.: Девятилетнее странствие, 5-е изд. / Под. ред. Э. Мурзаева. М., 1952.

В. Плоских.