ЖАА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАА – жебе м-н атылуучу эң байыркы курал. Дого сымал ийилген серпилгич катуу жыгач­тын эки учуна тептирге (кайыш же жип) кере тартылып байланат. Жебенин түп жагын Ж-нын тептиргесине такай катуу тартып туруп, мээле-

Жаа: 1 – жыга­чы; 2 – жебе; 3 – тептирге.

ген нерсени көздөй коё берет. Ж. согушта, аң­чылыкта, спортто кеңири пайдаланылган. Дүй­нөнүн бардык элдеринде (Австралия м-н Мик­ронезиянын жерг. элдеринен башка) мезолит (б. з. ч. 12–7-к.) доорунан б. з. 17-к-на чейин колдонулган (кээ бир жерде азыр да бар). Жаа жыгачы, тептирге, жебе ж-а саадактан турат. Жумуру же бир жагы жалпайтылган Ж. жыга­чы арча, четин, сөксөөл, жаңгак сыяктуу сер­пилгич, катуу жыгачтан же мүйүздөн жасалат. Эгерде Ж. тоо теке мүйүзүнөн жасалса, ал мүйүз Ж. деп аталат. Жыгачтын же мүйүздүн орто жери жоонураак, эки четин көздөй ичкертилип, учтары тептирге байлаганга ылайыкталып, туу­расынан кертмектелип жасалат. Ж. жыгачы­нын же мүйүздүн так ортосунун сол жагынын бир тутам жерине чийден жоонураак жипти же ширини ороп, сөөктөн, мүйүздөн эп кыят, ал Ж. тутка делет. Ж. тутка Жаачынын колуна ылайыкталып, эптүү, чак ж-а токтомдуу бол­гудай жасалат. Ж. жыгачынын эки учуна кере тартып байланган тептирге кийиктин тарамы­шынан тал-тал таралып, бир нече катталып, чыйратылып жасалат. Ж-нын огу – жебе. Жебе салынуучу кутуча – саадак. Ж-нын жөнөкөй ж-а татаал түрү бар. Жөнөкөйү эч бир асеми жок Ж. жыгачынан, тептиргеден гана турса, татаал Ж-нын ички бети жука мүйүз м-н капталып, эки учуна ж-а орто жериндеги туткасына сөөктөн эп кыйылат (кыргыздар урунган Ж. жасалы­шы б-ча татаал Ж. түрүнө кирет). Мүйүз Ж-лар алтын, күмүш, жез чөгөрүлгөн оймо-чиймелер м-н асемделет. Жоокерчиликте, мергенчиликте Ж. сол ийинге, саадагы оң далыга асылган. Ж. м-н аң уулоону кесип кылган адам жаачы мер­ген деп аталган. И. Молдобаев.