ЖААКСЫЗДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖААКСЫЗДАР (Aghatha) – сууда жашоочу омурткалуулардын чоң классы. Омурткалуу жаныбарлардын эң жөнөкөйлөрү. Жаагы жок ж-а таноосу бирөө. Скелети кемирчектүү. Ба­калоору капчык түрүндө болгондуктан, к а п­ч ы к б а к а л о о р д у у л а р деп да аталат.
Бакалоор скелети капчыгынын сыртынан орун алган, омуртка түркүгүнүн кызматын хорда ат­карат. Ж. байыркы девон ж-а силур мезгилин­де кеңири таралган. Азыркы фаунада Ж-дан оймок ооздуулар классынын 2 өкүлү – минога­лар ж-а миксиндер кезигет.