ЖАА РАЗРЯДЫ
ЖАА РАЗРЯДЫ – газдагы электр разрядынын бири. Анын жаркылдаган ток каналы жаа сымал көрүнгөндүктөн, ушундай аталган. Ж. р. катоддогу токтун жогорку тыгыздыгы (102–108А/см2) ж-а разряд аралыгындагы потенциалдын азайышы м-н айырмаланат. Алгач 1802-ж. абадагы көмүр электродунун ортосундагы Ж. р-н орус илимпозу В. В. Петров ж-а 1808-ж. англ. окумуштуу Г. Дэви бири бирине байланышпастан эле байкашкан. Ж. р. көп түрдүү, бирок ар бири өзүнчө белгилүү тышкы ж-а чектик шартта пайда болот. Ж. р. катоддун бети б-ча иретсиз которулуучу ток жарык тагына (катоддук так) топтолот. Так бетиндеги темп-ра катод материалынын кайноо темп-расына жетет. Катоддогу токтун жүрүшүндө термоэлектрондук эмиссиянын мааниси чоң. Аноддо катодго караганда кыймылы аз, өлчөмү чоң жаркырак анод тагы калыптанат. Жогорку темп-рага чейин ысытылган ж-а иондошуу процессинде газ плазма түрүндөгү абалда, ал эми Ж. р-нын мамычасы ар кандай узундукта болот. Ж. р-на көмүр электродунун арасындагы абада эркин күйүүчү турактуу токтун разряды классикалык мисал боло алат. Ж. р. лабор. жарыктын эталон булагы катары ж-а техникада (плазматрон, эритүүчү электр меши, электр ширетүү ж. б.) пайдаланылат. Көмүр анодунун ортосу көзөлүп, заттар м-н толтурулган. Ж. р. кендерди, минералдык туздарды ж. б. спектрдик талдоодо колдонулат.