ЖАА РАЗРЯДЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАА РАЗРЯДЫ – газдагы электр разрядынын бири. Анын жаркылдаган ток каналы жаа сы­мал көрүнгөндүктөн, ушундай аталган. Ж. р. ка­тоддогу токтун жогорку тыгыздыгы (102–108А/см2) ж-а разряд аралыгындагы потенциалдын аза­йышы м-н айырмаланат. Алгач 1802-ж. абада­гы көмүр электродунун ортосундагы Ж. р-н орус илимпозу В. В. Петров ж-а 1808-ж. англ. оку­муштуу Г. Дэви бири бирине байланышпастан эле байкашкан. Ж. р. көп түрдүү, бирок ар бири өзүнчө белгилүү тышкы ж-а чектик шартта пай­да болот. Ж. р. катоддун бети б-ча иретсиз ко­торулуучу ток жарык тагына (катоддук так) топтолот. Так бетиндеги темп-ра катод материа­лынын кайноо темп-расына жетет. Катоддогу токтун жүрүшүндө термоэлектрондук эмиссия­нын мааниси чоң. Аноддо катодго караганда кыймылы аз, өлчөмү чоң жаркырак анод тагы калыптанат. Жогорку темп-рага чейин ысытыл­ган ж-а иондошуу процессинде газ плазма тү­рүндөгү абалда, ал эми Ж. р-нын мамычасы ар кандай узундукта болот. Ж. р-на көмүр элек­тродунун арасындагы абада эркин күйүүчү ту­рактуу токтун разряды классикалык мисал боло алат. Ж. р. лабор. жарыктын эталон булагы катары ж-а техникада (плазматрон, эритүүчү электр меши, электр ширетүү ж. б.) пайдала­нылат. Көмүр анодунун ортосу көзөлүп, заттар м-н толтурулган. Ж. р. кендерди, минералдык туздарды ж. б. спектрдик талдоодо колдонулат.